Өз ара күчтүү аракеттениш

Википедия дан

Өз ара күчтүү аракеттениш — жаратылыштагы (электр-магниттик, гравитациялык жанa өз ара начар аракеттениш сыяктуу) эң негизги (элементардык) өз ара аракеттеништин бири.

Өз ара күчтүү аракеттенишке катышуучу элементардык бөлүкчөлөр адрондор деп аталат да, аларга бариондор жана мезондор (π — мезон, Κ — мезондор) кирет. Нуклондорду ядродо карман турган ядро кучтөру Өз ара күчтүү аракеттеништин бир түрү болуп эсептелет.

Өз ара күчтүү аракеттеништин аракет радиусу өтө кичине (~10-13 см) жана ушул аралыкта башка типтеги өз ара аракеттенштерден алда канча күчтүү. Аны пай­да кылган элементардык процесстер 10—23 — 10-24 секд болуп өтөт. Өз ара аракеттеништи биринчи жолу 1911-ж. Э. Резерфорд тажрыйбада аныктаган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.