Өзбектер

Wikipedia дан

Өзбектер — Өзбек Республикасынын негизги калкы. Жалпы саны 30 млн. кишиден ашуун. Өзбектер Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан, Афганистан жана башка жерлерде да компакттуу жашашат. Карлук (карлук-чигил-уйгур), кыпчак, огуз жана башка көп сандаган диалектилерде, наречиелерде сүйлөшөт. Азыркы өзбек тили (адабий тил) курамына кыпчак жана огуз элементтерин сиңирген фергана- ташкент говорунун жана диалектилеринин негизинде түзүлгөн. «Өзбек» этноними адам атынан (антропоним), Алтын Ордонун Өзбек деген башкаруучусунун ысымынан келип чыгат. Өзбектердин этностук курамынын негизин чыгыш иран тилдеринде сүйлөшкөн согдулар, бактриялыктар, хорезмдиктер, ферганалыктар жана башкалар түзгөн. Б.з. 6-к. тартып Эки дарыя (Мавереннахр) аралыгында түрк тилдүү уруулардын салыштырма салмагы басымдуулук кыла баштаган. Түрк тилдүү уруулар отурукташкан иран тилдүү калк менен жуурулушкан. 11-12-кк. өзгөчө 13-к. монгол чабуулунун мезгилинде чыгыштан каңды, кыпчак жана башка уруулардын көчүп келүүсү көбөйгөн. Тимурийлердин тушунда монгол, кыпчак элементтери жуурулушкан. Аймактагы уруулар өз энчилүү аттары менен кала беришкен. 15-к. аягы- 16-к.баш чендеринде казактардан бөлүнүп чыккан, өздөрүн Өзбек хандын жана анын тукумдарынын жактоочуларыбыз деген кыпчак тектүү көчмөндөр Шейбанинин (Шейбек) жетекчилиги астында Тимурийлер мамлекетинин чегине журт которушуп, өлкөнүн чегин талап-тоной башташкан. Саясий-аскердик жактан ыдыраган, чабал тимурийлер көчмөндөргө айбат көрсөтө алышкан эмес. Аймактын калкы бир нече мамлекеттик түзүлүштөрдүн курамдарында кала беришкен. Калктын этногенезинде, материалдык жана руханий маданиятында, чарбалык укладдарында жана башка жалпылык болгон эмес, түркүн этностук, тилдик таасирлери күчтүү болгон. XX к. баш чендерине карата негизинен үч субэтностук топ болгон: өрөөндөрдүн автохтондуу иран-тажик тилдүү жана башка отурукташкан калкы; көчмөн жана жарым көчмөн (13-к. чейин) түрк жана башка тилдүү уруулар, алардын монгол, огуз тилдүү уруулар менен жуурулушуусу; Дешт и-Кыпчактан көчүп келген кыпчак тектүү көчмөн уруулар. Негизги калкты түрк эле- менттери бар отурукташкан иран-тажик тилдүү калк түзгөн. 1917- }К. төңкөрүштөн соң улуттук чек араларды тактоо иштери жүргүзүлө баштаган. Азыркы Өзбекстандын аймагында ири сандуу түрдүү субэтностор (иран-тажик тилдүү калк, миңдер, маңгыттар, кыпчактар, кара-калпактар, хорезмдиктер, уйгурлар, кыргыздар, көчмөн өзбек уруулары жана башкалар) жашагандыктан жаңы түзүлүп жаткан республиканын аталышын тактоо атайын түзүлгөн комиссия үчүн бир топ татаалга турган. Комиссия «өзбек» деген энчилүү атка атайын чечим боюнча токтолуп, 1924-ж. түзүлгөн республика Өзбек ССРи деп аталып калат. Атайын комиссия тарабынан бул аймактагы элдердин тарыхый тегиндеги, тилдериндеги, материалдык жана руханий маданияттарындагы өзгөчөлүктөрү эске алынган эмес. Изилдөөчүлөрдүн басымдуу бөлүгү өзбектердин улут катары толук калыптана электигин белгилешет. Теги казактарга жакын болгон көчмөн өзбектер Хива, Карши аймактарында жашашат. Бүгүнкү күнү да Өзбекстандын аймактарындагы калктын тилинин, маданиятынын өз ара кескин айырмачылыктары байкалат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]