Өзгөртүүчү түзүлүш

Википедия дан

Өзгөртүүчү түзүлүш — кандайдыр бир физикалык чоңдукту башка физ. чоңдукка өзгөртүүчү түзүлүш; ал башкаруу аппаратура иштеп жаткан учурда аналогдуу эсептегич машина (АЭМ) менен бирдикте колдонулат.

АЭМдеги машина чоңдугу катары электр чыцалуусу алынат. Башкаруу системанын киришинде жанa чыгышында ар түрдүү чоңдуктар, мис., мех. которулуш, басым, температура ж. б. болушу мүмкүн. Ошондуктан реалдуу аппаратурасы бар моделдөө контурунда аппараттардын чыгышына жана киришине кошумча өзгөрткүчтөр керек. Электр чыцалуусун бурулуу бурчуна өзгөртүүчү Өзгөртүүчү түзүлүш чоц мааниге ээ.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.