Өзгөчөлүк (философия)

Википедия дан

Өзгөчөлүк — жалпылык жанa диколик категориялары менен катар туруучу философиялык категория.

Көлөмү боюнча Өзгөчөлүк жекеликтен кең, ал эми жалпылыктан тар. Өзгөчөлүк тү биринчи жолу И. Кант талдап, бирок ал жалпылыктын чыныгы табиятын ача алган эмес. Ошондуктан Өзгөчөлүк категория катары өз алдынча мааниге ээ боло албаган.

Гегель Өзгөчөлүк категориясынын негизи ка­тары жалпылыкты эсептеген. Мамлекет жанa укук проблемаларын талдоодо Гегель реакцпячыл корутунду чыгарган. Гегелдин бул көз карашын Маркс катуу сындаган. Матер, диалектика жалпылыкты жанa жекеликти буюмдун жашоосунун абстракттуу карама-каршы учуру ка­тары карайт. Алардын чыныгы бытиесин жекелик менен жалпылыктын биримдиги түзөт. Бул биримдик Өзгөчөлүк категориясында да белгиленет. Ушул көз карашка ылайык белгилүү бир реалдуу предмет башкалардан обочолонгон, бирок ошону менен бирге алар менен тыгыз байланышкан өзгөчө предмет болуп эсептелет. Абстракттуу карама-каршы аныктамалардын көп жактуу биримдигиж өзүнө камтып, Өзгөчөлүк таанымда олуттуу учурду түзөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.