Өздүк аң сезим(философия)

Википедия дан

Өздүк аң сезим–адамдын өзүн-өзү баалашы, өзүнүн билим деңгээлин, акыл дараметин, жүрүм турумун, кылык-жоругун, мүмкүнчүлүгүн, кызыкчылыгын ж. б. аңдай билиши. Өздүк аң-сезим адамга гана эмес, коомго, социалдык топторго да тиешелүү болот. Адамдын ар-кандай иш-аракети коомдук тажрыйбага таянат. Эмгектенүү учурунда адам өзүн аңдап билет.
Аң-сезимдин калыптанышына тилдин тийгизген таасири зор. Өздүк аң сезим аң-сезимдин туундусу катары пайда болсо да, адамзат жогорку деңгээлде өнүккөндө гана ачык-айкын көрүнөт.Ал адегенде уруулук топко, жамаатка таандык мүнөздө болуп, бара-бара жеке адамдын аң-сезиминин калыптанышына таасир этет. Өздүк аң сезим жеке адамдын аң сезиминин текши өнүгүшүнө социалдык, маданий, моралдык жана материалдык шарт жеткиликтүү түзүлгөн коомдо жогору деңгээлге көтөрүлөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]