Өндүрүштүк гимнастика

Википедия дан

Өндүрүштүк гимнастикаорганизмдин ишкердүүлүк абалын жакшыртуу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, ден соолукту чындоо максатында күн сайын жумуш жана окуу мезгилинде жасалуучу татаал эмес дене көнүгүүлөрүнүн комплекси. Өндүрүштүк гимнастиканы үзгүлтүксүз уюштуруу кээ бир кесип ооруларын алдын алууга жардам берет. Илимдин жана техниканын тез өсүшү, өндүрүштү автоматташтыруу жана механикалаштыруунун натыйжасында кыймыл-аракетти, күчтү көп талап кылбай, нерв системасына күч келтирип, нервдик чарчоо көбөйүүдө.

Орточо кара жумуш иштегендер үчүн гимнастика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орточо кара жумуш иштегендер үчүн өндүрүш гимнастикасынын комплекси: 1— манжаларын бириктирип, колду жогору көтөрүп, буттун учуна туруп, керилип, дем алгыла; колду ылдый түшүрүп, дем чыгаргыла; 2— сол колду бөйрөккө таянып, оң колду капталга сунуп, сунулган кол жакка денени буруп, дем алгыла; сунулган кол менен бөйрөктү таянып дем чыгаргыла; 3— колду капталга сунуп, дем алгыла; колду алдыга ылдый түшүрүп, кайчылаштырып, көпкө дем чыгаргыла; 4— бир орунда секирүү, жеңил чуркоо жана басуу; 5— колду каптал менен жогору көтөрүп, бутту далынын кеңдигинде коюп, дем алгыла; алдыга эңкейип, кол менен улам бир бутка жетип, көпкө дем чыгаргыла; 6— сол колду капталга сунуп, оң кол менен кежигени кармап, андан кийин оң колду сунуп, сол кол менен кежигени кармап, дем алгыла, колду ылдый түшүрүп, дем чыгаргыла. Ар бир көнүгүүнү 5—6 жолу кайталагыла.

Туруп иштегендер үчүн гимнастика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Туруп иштегендер үчүн өндүрүштүк гимнастика комплекси (4— көнүгүүдөн башкасын тактада отуруп жасоо керек): 1— бутту согончок менен жылдырып, алдыга сунуп, оң колду кежигеге алып барып, сол колду капталга сунуп, дем алгыла; колду төмөн түшүрүп, дем чыгаргыла; ошол эле кыймылды берки кол менен жасап, 6— 8 жолу кайталагыла; 2— бутту алдыга сунуп, колду көкүрөктүн алдына кармап, отуруп, денени бир оңго, бир солго буруп, колду капталга суна, эркин дем алгыла; 3— бутту согончогу менен жылдырып, алдыга сунуп, колду жогору көтөрүп чалкалап, андан кийин эңкейип, колдорду жерге тийгизип, кайра баштапкы абалына келип, эркин дем алгыла; 4— столду эки колдоп таянып туруп, сол бутту артка сунуп, буттун учуна отуруп; ошол эле кыймылды берки бут менен жасап, 8—10 жолу кайталагыла; эркин дем алгыла; 5— бутту алдыга сунуп, бөйрөктү таянып олтуруп, буттун башын өйдө-ылдый кыймылдатып, буттун учун жерге тийгизгиле; андан кийин бут кетменин сыртка жана ичке карай буруп, таманды жерге тийгизгиле; 10—12 жолу кайталагыла; 6— отургучка отуруп, колду каптал менен жогору көтөрүп, чалкалап, бутту бир аз көтөрүп учуна коюп, кайра эңкейип сунулган буттун алдынан алаканын чаап, кайра алгачкы калыбына келүү; ошол эле кыймылды экинчи бут менен жасагыла; 6—8 жолу кайталагыла; 7— отургучка отуруп, колду ийинге коюп, сол бутту алдыга сунуп, кайра баштапкы абалга келип, колду капталга сунгула; 5—6 жолу кайталагыла; эркин дем алгыла.

Аз кыймылдагандар тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Узак убакыт аз кыймылда болгон жана бир орунда олтуруп иштеген кишилердин зат алмашуусу, кан айлануусу жайлап, булчуңдары алсызданып, келбети бузулат. Алардын башы көп ооруп, жүрөк-кан тамыр системаларынын оорулары, зат алмашуунун бузулушу жана башкалар менен жабыркашат. Өндүрүштүк гимнастика бир катар кесипчиликте кыймыл активдүүлүгүнүн жетишсиздигин толуктайт. Ал эми оор кара жумуш иштегендердин булчуңдарынын чарчоосун азайтып, аз кыймылдаган булчуңдарды иштетет. Өндүрүштүк гимнастика ар бир кесиптин өзгөчөлүгүнө, иштегендердин (окуучулардын) ден соолугуна ылайык атайын көнүгүүлөрдүн комплекси такталып түзүлөт. Өндүрүштүк гимнастиканын булчуңдардын иштөө күчүнө, ошондой эле нерв-психикалык чыңалуунун түрүнө жараша 5 типтүү комплекс иштелип чыккан: оор кара жумуш иштегендерге; орто оордуктагы кара жумуш жана акыл эмгеги менен иштегендерге; нервге күч келтирүүчү иште иштегендерге; акыл эмгеги менен иштегендерге; узак убакыт тике туруп иштегендерге.
Өндүрүштүк гимнастика башталганга чейин (жумуш алдындагы гимнастика) жана жумуш (окуу) мезгилинде (физкультуралык тыныгуу жана физкультуралык минута) уюштурулат.
Адамдын эмгек өндүрүмдүүлүгү жумуш күнү башталганда эле жогору болбойт. Жумушка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, мурдагы чарчоону жоготуу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн көтөрүү үчүн жумушка (окууга) 10—15 мин. убакыт калганда 5—7 мин. Өндүрүштүк гимнастика өткөрүлөт. Жумуш алдындагы гимнастика үчүн жумуштун өзгөчөлүгүнө карай атайын көнүгүүлөр комплекси тандалып алынат.

Акыл эмгеги менен иштегендер үчүн[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акыл эмгеги менен иштегендер үчүн өндүрүш гимнастикасынын комплекси: 1—колду жогору көтөрүп, манжаларды бириктирип кериле дем алгыла, колду төмөн түшүрүп — дем чыгаргыла; 2— бутту артка сунуп, эки кол менен кежигени кармап — дем алгь1ла; колду түшүрүп, бутту ордуна алып келип — дем чыгаргыла; 3— колду алдыга сунуп, кол чеңгелин бош кармап, бир аз отуруп, колду ылдый түшүрүп — дем чыгаргыла, кайра буттун учуна туруп, колду артка суна — дем алгыла; 4— бөйрөк таяна, буттун учу менен секирүү; 5— эки колду капталга сунуп, денени бир солго, бир оңго буруу; 6— колду жогору көтөрүп, артка чалкалап, дем алгыла; бөйрөктү таяна. эңкейип, дем чыгаргыла; 7 — бутту далынын кеңдигинде коюп, колду көкүрөктүн алдында бүгө кармап туруп, улам бир колду капталга сунуп — дем алгыла; колду түшүрүп — дем чыгаргыла. Ар бир көнүгүүнү 6—12 жолу кайталагыла.

Отуруп иштегендер үчүн гимнастика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Отуруп иштегендер үчүн өндүрүш гимнастикасынын комплекси: 1 — 2—отургучка таяна отуруп, буттун башына туруп, колду каптал менен жогору көтөрүп — дем алгыла; кайра мурунку абалга келип — дем чыгаргыла, 3—4 жолу кайталагыла; 3—5— отургучту таянып туруп, колду капталга, бир бутту артка сунуп — дем алгыла; кайра мурдагы абалга келип — дем чыгаргыла, ар бир бут менен 3—4 жолу кайталагыла. 6— отургучтун кырын таянып туруп, оң бутту капталга сунуп, сол колду баштан жогору көтөрүп — дем алгыла, кайра мурдагы абалга келип дем чыгаргыла; ар бир бут менен 5—6 жолу кайталагыла; 7—9— отургучка арты менен, колду ылдый түшүрүп туруп, колду жогору көтөрүп—дем алгыла; колду ылдый түшүрүп, эңкейип, артындагы отургучту кармап — дем чыгаргыла; 3—4 жолу кайталагыла; 10—11-—отургучту алдыга коюп, колду ылдый түшүрүп туруп, отургучтун кырын кармап отуруп, туруу, отурганда — дем чыгаргыла, турганда — дем алгыла; 4—5 жолу кайталагыла; 12—14— отургучту алдыга коюп, колду төмөн түшүрүп туруп колду алдыга сунуп, улам бир капталынан отургучтун жөлөнгүчүн кармоо; капталга бурулганда — дем чыгаргыла; баштапкы абалга келгенде дем алгыла; 5—6 жолу кайталагыла; 15 —16—отургучту таяна отуруп, улам бир бутту жогору көтөрүү; 6—8 жолу кайталагыла; 17— отургучта бутту алдыга сунуп, таяна отуруп. колду капталдан жогору көтөрүп —дем алгыла, баштапкы абалга келип — дем чыгаргыла, 3—4 жолу кайталагыла. 18—19— отургучту капталга коюп, колду ылдый түшүрүп, кол менен отургучтун кырын таянып туруп, оң бутту капталга, оң колду алдыга сунуп, дем алгыла, баштапкы абалга келип дем чыгаргыла; ошондой кыймылды сол кол, сол бут менен жасагыла; 5—6 жолу кайталагыла; 20— отургучту капталга коюп, сол кол менен отургучтун кырын таянып, оң колду жогору көтөрүп, кежигени кармап — дем алгыла, баштапкы абалга келип, дем чыгаргыла; ошол кыймылды сол кол менен жасап, 3—4 жолу кайталагыла.

Дене тарбиялык тыныгуу, дене тарбиялык минута[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жумуш күнү мезгилинде организмдин активдүү эс алуусуна жетиштүү жана мезгилсиз чарчоодон арылуу максатында физкультуралык тыныгуу же минута уюштурулат. Мектеп окуучуларына сабак убагында уюштурулган физкультуралык тыныгуу алардын чарчоосун алдын алып, иштөө жөндөмдүүлүгүн сактайт. Көнүгүүлөр комплекси окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө карай түзүлөт. Тез жана так кыймылдарды, өзгөчө кунт коюуну талап кылуучу кесипте иштегендер (операторлор, радио аппаратура оңдоочулар) үчүн физкультуралык тыныгууну жумуш күнүндө 1—3 жолу уюштуруу керек. Акыл эмгегинин өкүлдөрү, ошондой эле жеңил, орто оордуктагы кара жумуш иштегендер, эртеден кечке тике туруп иштеген ар бир кызматчы физкультуралык тыныгууларды өз алдынча аткарса болот. Комплекстеги көнүгүүлөрдү ар бир 10—14 күндө алмаштырып туруу талапка ылайык. Жумуш күнүнүн биринчи жарымында физкультуралык тыныгуу 3 сааттан кийин уюштурулат. Ошондой эле жумуш күнүнүн экинчи жарымында өткөрсө да болот. Өндүрүштүк гимнастика жумуш аткарган жерде, мүмкүн болушунча музыканын коштоосунда өткөрүлгөнү оң. Аны үзгүлтүксүз жасоо организмди чыңдап, адамдын сергек жүрүшүнө өбөлгө болот. Өндүрүштүк гимнастиканын көнүгүүлөрү радиодон да берилет. Алар негизинен акыл эмгеги менен иштегендерге жана жеңил кара жумуштагы кишилерге арналат. Радиодон берилүүчү өндүрүштүк гимнастика көнүгүүлөрүн аткаруу бардык эле ишкананын жумуш күнүнүн тартибине туура келбейт. Ошондуктан радиодон берилген көнүгүүлөр комплексин магнитофонго жаздырып алып, ыңгайлуу учурда колдонсо болот. Түшкү тамакка белгиленген убакытты өндүрүштүк гимнастика жасоо үчүн пайдаланууга болбойт.

Кара жумуш иштегендер үчүн өндүрүштүк гимнастика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кара жумуш иштегендер үчүн өндүрүштүк гимнастика көнүгүүлөрүнүн комплекси: 1— бөйрөктү таянып, көкүрөктү кере, чыканакты артка кетирип, буттун учуна туруп — дем алгыла; чыканакты алдыга буруп — дем чыгаргыла; жай темп менен 4 жолу кайталагыла; 2— бутту чогуу кармап, колду ийинге коюп турган абалда, колду жогору көтөрүп — дем алгыла; колду жай ылдый түшүрүп — дем чыгаргыла; 6 жолу кайталагыла; 3— отургучта кол менен таяна олтуруп — дем алгыла; кол, бутту алдыга сунуп, бир аз эңкейип, буттун башын кармоого аракеттенип — дем чыгаргыла, кайра өйдө болуп — терең дем алгыла (4 жолу кайталагыла); 4— отургучка таяна, бутту алдыга суна отуруп, бутту капталды көздөй жылдырып, башты артка чалкалата, дем алгыла, бутту кайра бириктирип, башты эңкейтип — дем чыгаргыла; 4 жолу кайталагыла; 5— бутту далынын кеңдигинде коюп, колду ылдый түшүрүп туруп, колду жогору көтөрүп, манжаларды бириктирип — дем алгыла; эңкейип колду эки буттун ортосуна ылдый түшүрүп — дем чыгаргыла; 6 жолу кайталагыла; 6— колду ылдый түшүрүп, бутту бириктирңп тургула, колду жогору көтөрүп бир бутту артка сунуп, буттун учуна коюп — дем алгыла; буттун учу менен отуруп, колду жерге таяп — дем чыгаргыла.
Эгерде ишкана шар тында абанын нымдуулугу 70%тен ашык, температурасы 25°тан жогору болсо өндүрүштүк гимнастиканы өндүрүштүк имаратта жасоого болбойт, ал үчүн сыртка же болбосо атайын бөлмөгө чыгуу талап кылынат.

3—4-класстын окуучулары үчүн физкультминута[түзөтүү | булагын түзөтүү]

3—4-класстын окуучулары үчүн физкультминута: 1— бутту алдыга сунуп, колду партанын үстүнө коюп отуруп, колду жогору көтөрүп, кериле дем алгыла; мурдагы абалга келип — дем чыгаргыла (колду жогору көтөргөндө, денени бир оңго, бир солго буруп жасаса болот); 2— туруп турган калыбында, оң колду каптал менен түшүрүп, ошол тарапка эңкейип, сол колду колтукту көздөй жылдырып — дем алгыла; ошол эле кыймылды экинчи тарапка жасагыла (вариант: оңго эңкейгендеоң колду аркага, сол колду кежигеге алып баргыла; мурдагы калыбына келип, экинчи тарапка жасагыла; эркин дем алгыла); 3— колду партанын үстүнө коюп, отуруп, партаны таяна тургула, колду артка алып, чалкалап — дем алгыла, кайра түзөлүп, колду партанын үстүнө коюп — дем чыгаргыла.

1 — 2-класстын окуучулары үчүн физкультминута[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1 — 2-класстын окуучулары үчүн физкультминута: 1— партада колду эркин ылдый түшүрүп отуруп, колду жогору көтөрүп, бутту сунуп керилип — дем алгыла, кайра мурдагы калыбына келип — дем чыгаргыла; 4—6 жолу кайталагыла; 2— колду бөйрөккө таяна партада отуруп, оң колду жогору көтөрүп, сол капталга кыйшайып — дем алгыла; мурдагы калыбына келип — дем чыгаргыла; 4—6 жолу кайталагыла; 3— партанын отургучуна бутту сыртка сунуп, бөйрөктү таянып отуруп, бутту бүгүп кучактап — дем алгыла; мурдагы абалга келип — дем чыгаргыла. 4—6 жолу кайталагыла.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8