Өскөналиев Эркалы

Википедия дан
Өскөналиев, Эркалы‎»‎ барагынан багытталды)
Өскөналиев Эркалы
Туулган күнү

09.08.1958

Туулган жери

Нарын облусу, Жумгал району, Кабак айылы

Жарандыгы

 Кыргызстан

Ишмердүүлүгү

акын, котормочу, журналист

Каза болгон күнү

26.10.2021

Каза болгон жери

Нарын облусу, Жумгал району

Эркалы Өскөналы (Өскөналиев) (09.08.1958 - 26.10.2021) — кыргыздын таланттуу уулу, акын, жана котормочу. Кесиби - журналист.

Кыскача өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эркалы Өскөналы Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Кабак айылында 1958-жылы 9-августта туулган.

1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.

Эмгек жолун Жумгал райондук «Демилге» гезитинин редакциясында кабарчы болуудан баштаган.

1982-1985-жж. Компартиянын Жумгал райкомунун идеология бөлүмүндө инструктор болгон.

1985-1987-жж. Советтик Армияда рота командиринин саясий иштер боюнча орун басары катары кызматын өтөгөн.

1987-1990-жж. Компартиянын Жумгал райкомунун уюштуруу бөлүмүндө инструктор болгон.

1990-1992-жж. Жумгал райондук «Демилге» гезитинин редактору болуп иштеген.

2021-жылы 26-октябрда Бишкек шаарында

дүйнөдөн өткөн.

Адабий чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акындын чыгармачылык жолу окуучу чагында башталган. Алгачкы «Кыш» аттуу ыры (1970-жылы) «Жаш ленинчи» журналына жарыяланган.

Ырлары 1980-жылдардан баштап республикалык гезит-журналдарга байма-бай жарыялана баштаган.

Кыргыздын көрүнүктүү куудулу жана акылгөйү Куйручук тууралуу изилдөө жүргүзүп, баа жеткис эмгектерди жараткан.

Дүйнөгө даңктуу жапан акындары Мацуо Басё менен Исикава Такубокунун, айтылуу немис акыны Генрих Гейненин жана орус элинин улуу акыны Сергей Есениндин ырларын керемет которгон.

Эркалы Өскөналы "Эне Тил кайрыктары" поэмасында мындайча жазганы бар[1]:

Өлкөсүндө өгөйлөнөт өз тили,
Өйдөсүнөт, өпкөлөнөт чет тили.
Эгемен эл болгондугуң ушубу,
Эне тилиң кемсинтилди, өксүдү[2].

Коомдук ишмердиги, уюмдарга мүчөлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айтылуу "жайсаңчылар" деп аталган халтурачы топко эң биринчи каршы публицистикалык макалалар жарыялап, алардын түркөйлүгүн ашкерелеген.

1991-жылы Кыргыз ССР Жазуучулар Союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз улуттук адабиятын колдоо максатында «Турар» басмасы менен эл аралык адабий-көркөм «Жаңы Ала-Тоо» журналы 2010-жылы мыкты чыгармаларга конкурс жарыялаган. Эркалы Өскөналынын ырлары мында 3-орундагы сыйлыкка татыган

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (2017-жыл, 18-август) буйругу аркылуу Эркалы Өскөналы “Куйручук баланын жоруктары” (проза жанры) китеби үчүн, кыргыз балдар адабияты сыйлыгынын лауреаты атыккан.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы - Чынаркүл Урсейитова (1979-жылы баш кошушкан).

Урмат (уулу, 1980), Гүлнур (1982-жыл), Айнур (1986), Улукбек (уулу, 1991-ж.).

Неберелери бар.

Чыгармаларынын чакан тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ:

Кыргыз тилинде

  • Тирүүлүк: Ырлар. - Ф.: Адабият, 1988. - 56 б.
  • Ырдаган ай: Ырлар. - Б.: Адабият, 1995. - 110 б.
  • Эй, Куйручук!: Көркөм санжыра, баяндар. - Б.: Шам. 1997. - 27 б. Archived 2011-02-04 at the Wayback Machine
  • Кудай сүйгөн Куйручук: Кара сөз топтому. - Б.: Бийиктик, 2011.
  • Куйручук баланын жоруктары: Тандалма аңгемелер жыйнагы. - Б.: Улуу Тоолор, 2015. - 32 б.
  • «Жаш Куйручуктун окуялары: Тандалма аңгемелер жыйнагы. - Б.: Улуу Тоолор, 2015. - 94 б.
  • Үч дабан: Поэмалар. - Бишкек: Улуу тоолор, 2017. - 112 бет.
  • Кудай сүйгөн Куйручук: Роман. - Б.: Улуу Тоолор, 2018. - 632 б.
  • Тирүү дүйнө: Ырлар жана поэмалар. - Б.: Улуу Тоолор, 2018. - 350 б.
  • Тирүү дүйнө: Ырлар жана поэмалар. - Б.: Улуу Тоолор, 2019. - 368 б.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Эркалы Өскөналиев: ЭНЕ ТИЛ КАЙРЫКТАРЫ
  2. Ыр дүйнө. Эркалы Өскөналиев

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]