Өспүрүм балдар

Wikipedia дан
Өспүрүмдөр

Өспүрүм балдар. Буларга 12 — 13 жаштан 16 — 18 жашка чейинки балдар кирет. Физиологиялык жактан бул курак жыныс бездеринин жетилүү мезгили болуп саналат.
Жыныс бездеринин гормондору бүт организмге, анын ичинде вегетатив жана борбордук нерв системасына таасирин тийгизет.

Жыныстык жетилүү[оңдоо]

Кыз балдардын жыныстык жетилүүсү болжол менен 12—14 жашта башталып, 16—18 жашында аяктайт; эркек балдарда 13 —15 жаштан 18—20 жашка чейин созулат. Жыныстык экинчи белгилер пайда болот: кыздардын эмчек бези чоңоёт, эркек балдардын үнү жооноёт, кыздардын этек кири келет (Этек кир), балдарда поллюция жана башкалар болот. Өспүрүм балдар тез чоңоюп, бою жылына 10 смге узарат, кыздар эркек балдарга караганда эрте өсөт. Өспүрүмдөрдүн адегенде колу-буту узарат, андан кийин денеси чоңоёт. Бет түзүлүшү өзгөрөт. Денесинин айрым бөлүктөрүнүн ашыкча өсүшүнөн баланын кыймылы убактылуу бузулат, ал олдоксон, эпсиз болот. 15 —16 жаштан тартып эби-сыны оңоло баштайт. Бул мезгилде баланын келбетине айрыкча көз салуу зарыл.

Өспүрүмдөрдүн өпкөсү[оңдоо]

Көбүнчө партада туура эмес отуруудан анын омурткасы кыйшаюусу мүмкүн.
Өспүрүм балдардын өпкөсүнүн чоңоюшу күчөйт. 10 жашынан тартып эркек балдар курсагы, кыздар көкүрөгү жана курсагы менен дем алат. Өспүрүм балдардын айрым органдарынын иштөө функциясы начарлашы мүмкүн. Көбүнчө жүрөгү чоңоюп, тыңшаганда бөтөнчө добуш угулат. Кээде артериялык кан басымы жогорулап (өспүрүм гипертониясы), жүрөгү, тамыры тез кагат (айрым учурда кан басымы төмөндөп, тамырдын кагуусу солгундайт), демигип, башынын маңдай жагы оорушу мүмкүн. Айрым өспүрүмдөрдүн (көбүнчө кыздардын) башы айланып, эсинен танышы ыктымал. Көпкө туруудан, кыймылсыз отуруудан башы айланып, жүрөгү, ичи, буту оорушу, эсинен танып, кусушу да мүмкүн. Өңү кубарып, колунун манжалары муздап, көгөрүп кетет. Бул учурда баланы дароо жаткыра койсо, абалы жакшырат. Мындай балдар терчил келип, кызыл дермографизм (терини тырмаганда кызыл из калат) байкалат. Вегетатив жана эндокрин системаларынын туруксуздугунан, ошондой эле психикалык күч келүүдөн баланын кыялы бат-бат өзгөрөт. Бара-бара бул абал өтүп кетет, бирок убагында врачка кайрылуу оң.

Күн тартиби[оңдоо]

Өспүрүм балдардын күн тартибине өзгөчө көңүл бөлүү керек. Ал баланын нерв системасын ашыкча чарчап-чаалыгуудан сактайт. Өспүрүмдөрдүн күн тартибин сабактан тышкары спорт менен машыгууга, эс алууга убактысы жеткидей түзүү керек. Түнкү уйку 8—9 сааттан кем болбоо зарыл, өспүрүмдөргө телекөрсөткүчтү узак убакыт кароо, көп окуу зыян.

Өспүрүмдөрдүн гигиенасы[оңдоо]

Өспүрүмдөр өздүк гигиенаны сактоого тийиш. Жыныстык жетилүү мезгилинде организмдин вегетативдик жана эндокриндик өзгөрүүсүнүн натыйжасында май бези күчөп иштеп, май жолдорунда безетки пайда болот, ал сезгенип, ириңдеп кетиши мүмкүн. Ошондуктан дайыма таза жуунуп жүрүү керек. Эгер бала терчил болсо түрдүү кургаткыч сепмелерди, дезодоранттарды пайдаланып, ич кийимин тез-тез алмаштырып турушу тийиш. Кыздар эртең менен, кечинде астын жууп, этек кири келгенде ысык суу менен жуунбай, душка же куюнуп киринүүсү зарыл. Этек кири келгенде агын сууга түшүү, көп басуу, чуркоо, секирүү жарабайт.

Тамактануу[оңдоо]

Тамактануу өспүрүмдүн организминде физиологиялык процесстин туура жүрүшүндө маанилүү роль ойнойт. Органдардын жана организм системасынын нормалдуу иштеши, анын түрдүү оору козгоочу факторлорго туруштук берүүсү туура тамактанууга жараша болот. Тамак-аштан бала организмине керектүү бардык заттарды (белоктор, майлар, углеводдор, минерал туздар, витаминдер, суу) алууга тийиш. Белок — ар бир тирүү клетканын составына кирүүчү негизги «курулуш материалы». Белок жетишпегенден бала алы кетип, шалдырайт, арыктайт, бою өспөйт, ооруга туруштук бере албайт. Сүттүн жана сүт азыктарынын, эттин, балыктын жана жумуртканын белогу пайдалуу. Жашылча тамакты жакшы сиңирет, ошондуктан эт жана балык тамактарга жашылча кошуп берүү сунуш кылынат.

Майлар жана углеводдор[оңдоо]

Майлар жана углеводдор — энергиянын булагы, организмдин «жылыткычы». Майлар тамактын даамын жакшыртып, адамды ток алып жүрөт. Бирок майды көп жегенден зат алмашуу бузулуп, киши семирип кетет. Ак май, каймак, жумуртка сиңимдүү келип, А жана Д витаминдери болот. Уйдун, айрыкча койдун майы оңой менен сиңбейт жана витамин аз болот. Мектеп окуучуларынын тамагына күнүнө 10—15 г өсүмдүк майын (күн карама, зайтун, жүгөрү майын) кошуу пайдалуу. Өспүрүмдөрдүн организмине минерал заттар өтө керек. Ал жетишпегенден түрдүү оорулар пайда болушу мүмкүн. Мисалы, йод тузу жетишпегенден калкан сымал бездин иши бузулат. Витаминдер организмдеги бардык зат алмашуу процессине катышат, организмдин түрдүү ооруларга туруктуулугун жогорулатат. Витамин жетишпегенден бала туталанып, тез чарчайт, ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөйт, табити бузулат, бою өспөйт. Бала тез-тез (күнүнө 4 жолу) жана түрдүүлөп тамактануусу зарыл. Сүт жана сүт азыктары өспүрүмдөр үчүн өтө пайдалуу, күнүнө алар 400—500 мл сүт ичүүгө тийиш (Тамактануу).

Денени чыңдоо[оңдоо]

Аба ваннасынын температурасы 14—15°тан төмөн эмес бөлмөдө адегенде 3—5 мин., кийин күнүнө 1 минутадан кошуп, 15 — 20 минутага жеткирүү керек. Бөлмөдө жылаңаяк ЖҮРҮҮ пайдалуу. Жылуу мезгилде сыртта узакка сейилдөө, абанын температурасы 16°тан жогору болсо терезени ачып уктоо менен денени чыңдоого болот. Үй шартында денени чыңдоонун кең тараган жана жөнөкөй түрү — күнүгө чүпүрөк менен сүртүнүү жана чайкануу. Суунун температурасы адегенде 34—35°, кийин 6—7 күндө 1°тан төмөндөтүлүп, 22—24°ка жеткирилет. Эгер бала андан жөтөлбөсө, уйкусу качып, ооруксунбаса суунун температурасын дагы төмөндөтүп, 10—12'ка жеткирүүгө болот. Өспүрүм күнүнө эртең менен гимнастика жасап көнүүсү зарыл.

Өспүрүмдүн психикасы[оңдоо]

Өспүрүм курак кишинин психикалык өнүгүшүндөгү, анын инсандык калыптанышындагы маанилүү мезгил. Ушул куракта баланын аң-сезими, айланасындагы болуп жаткан нерселерди талдап баалоосу, ар нерсеге кызыгуусу өсөт. Бала бул мезгилде өтө баамчыл болуп, кыял-жоругу өзгөрөт, таарынчаак келет, айрымдары бой көтөрүп, таш боор боло баштайт, ошондой эле кээсинде уялчаактыгынан жапа чегип, түнт мүнөз пайда болот. Бул куракта өз боюна, сырткы көрүнүшүнө абдан көңүл бурат. Өспүрүмдөр психика жана күч жагынан өсүп жетиле элек болгондуктан, алардын психикасындагы карама-каршылыктар даана байкалат. Алардын айрым кыял-жоруктары чектен чыккан сыяктуу сезилет. Ошондуктан өспүрүмдөргө анын жөндөмүн эске албастан талапты катуу коюуга (мыкты окуу, чет тил, музыка үйрөнүү жана башкалар) ал катуу каршылык көрсөтүп, сабактан, ал тургай үйүнөн качып кетүүсү ыктымал. Мындай жүрүш-турушу менен ал кыйынчылыктан качып, жакындары ага көңүл буруп, аёосуна жетишүүгө умтулат. Мындай абал балага ата-эне аз көңүл бурган учурда (мисалы, үйдө өгөй эне же ата, бөлөк бала) да кезигет. Көп өспүрүмдөр чоң кишилердин (ата-эненин, тарбиячынын) көзөмөлүнөн бошонууга умтулушат. Бул абал өспүрүмдүн өз алдынчалыкка аракеттенгендиги менен түшүндүрүлөт. Мындай учурда бала өз оюн ишке ашырууга, ата-энесинен бөлүнүп кетүүгө, ишке орношууга же башка шаарга барып окууга жана башкалар аракеттенет. Бул ата-эне баланы өтө эле катуу кармаганда, анын ой-пикири менен такыр эсептешпеген үй-бүлөдө көп кезигет. Айрым балдар белгилүү бир кишини, адабий же кино каарманды туурашат (тууроо реакциясы деп аталат). Тилекке каршы бала жүрүм-туруму начар адамды туурап, бузулуп кетиши да мүмкүн. Өспүрүмдөр көбүнчө бирөөлөрдүн көзүнчө эрдик көрсөтүү максатында ар кандай ишке барышат. Бул куракта балдар топтошуп жүрүүнү жактырышат, андай топко кээде кадырлуу, күчтүү, бирок жүрүм-туруму начар балдар жетекчилик кылышы да ыктымал. Өспүрүмдүн жүрүм-турумунун бузулушуна акцелерациянын таасири чоң. Мында акцелерациянын ролу өспүрүмдүн күч жана жыныстык жактан жетилүүнүн ыкчамдыгынан гана эмес, анын күч жана социалдык жактан өсүшүнүн ортосундагы чоң айырмачылыктан болот. Жогоруда айтылган айырмачылыктар өспүрүмдүн жүрүм-турумун бузуп, эгер туура тарбия албаса, анын орунсуз адам болуп калышына себеп болушу мүмкүн. Өспүрүм балдарга жыныстык тарбия берүүнүн мааниси чоң. Өспүрүмдөргө организмде жыныстык жетилүү мезгилинде болуучу физиологиялык өзгөрүүлөр (кыздардын этек кири, эркек балдардын поллюциясы) жөнүндө өз убагында жана кылдат түпгүндүрүү зарыл. Өспүрүм курак — психикалык оорулардын алдын алуудагы жооптуу мезгил. ӨТ — боор клеткалары пайда кылуучу саргыч-күрөң секрет. Ал кишинин, жаныбардын ичегисиндеги май жана май сымал заттарды сиңирүүгө катышат. Өт менен организмден гемоглобин, холестерин жана башкалар кошулмалардын алмашуусунун акыркы продуктусу чыгарылат. Өт негизинен өт кислотасынын туздарынан (фосфолипиддер), билирубинден (боёочу зат, пигмент), белоктор жана физиологиялык активдүү заттардан (гормондор, витаминдер) турат. Өт боор клеткасынан такай бөлүнүп турат. Ал тамак ичпей турганда өт баштыгына чогулат. Тамак ичкенде он эки эли ичегиге бөлүнө баштайт. Ар кандай ооруларда (мисалы, өт жолунун таш оорусу) өттүн химиялык составы, касиети жана саны ар башка болуп, ал диагноз коюуда маанилүү. Жаныбарлардын, айрыкча бодо малдын өтү дары каражат катары пайдаланылат (консерваланган медициналык өт). Ал кээде муундун сезгенүү же бузулуу ооруларында, ошондой эле куяңда, тарамыштын сезгенишинде (тендовагинитте) компресс жасоо үчүн колдонулат. Өт менен дарылоону врач гана сунуш кылат.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8