Өсүмдүктөрдүн физиологиясы

Wikipedia дан
Ботаниканын бөлүмдөрү

Өсүмдүктөрдүн физиологиясы

Plants diversity.jpg

Изилдөө объектилери

Өсүмдүктөр · Балырлар
Козу-карындар жана башкалар…

Ботаниканын бөлүмдөрү

Альгология · Өсүмдүктөрдүн анатомиясы · Бриология · Геоботаника · Өсүмдүктөрдүн географиясы · Дендрология · Диаспорология · Карпология · Лихенология · Микогеография · Микология · Өсүмдүктөрдүн морфологиясы · Палеоботаника · Палинология · Өсүмдүктөрдүн систематикасы · Өсүмдүктөрдүн физиологиясы · Фитопатология · Флористика · Өсүмдүктөрдүн экологиясы · Этноботаника

Белгилүү ботаниктер

Теофраст
Жозеф Питтон де Турнефор
Карл Линней
Адольф Генрих Густав Энглер
Армен Леонович Тахтаджян

Тарыхы

Ботаниканын тарыхы
Ботаника боюнча белгилүү китептер
Ботаникалык иллюстрация

К·Т·О

Өсүмдүктөрдүн физиологиясы грек сөзүнөн (φύσις) — жаратылыш, (λόγος) — окуу) — бул өсүмдүктөрдүн организминде өтүп жаткан баардык процессткерди (фотосинтез, дем алуу, гуттация, транспирация, өсүмдүктөрдүн кыймылы, минералдык азыктануу, суу режими) окуп үйрөтүүчү илим.

Өсүмдүктөрдүн физиологиясынын өнүгүү тарыхы[оңдоо]

Өсүмдүктөрдүн физиологиясы XVIIXVIII кылымдарда италиялык биолог жана врач М. Мальпигинин «Өсүмдүктөр анатомиясы» жана англиялык ботаник жана врач С. Гейлстин «Өсүмдүктөр статикасы» классикалык эмгектеринде белгиленген. Ал эми өсүмдүктөрдүн физиологиясы термини [[1800]- жылы биринчилерден болуп Ж. Сенебье́нин «Physiologie végétale» трактатында жазылган. Бул трактатта ал бул дисциплинага тиешелүү болгон көчүлүк процесстерди талкуулап, анын предметин жана максатын изилдеп чыккан.

XIX кылымда өсүмдүктөрдүн физиологиясына тиешелүү болгон баардык бөлүмдөрү такталган: фотосинтез, дем алуу, гуттация, транспирация, өсүмдүктөрдүн кыймылы, минералдык азыктануу, суу режими, өсүү жана өнүгүү, дүүлүгүү, өсүмдүктөрдүн туруктуулугу ж.б.

XX кылымда өсүмдүктөрдүн физиологиясынын негизги изилдөөлөрүнүн бири болуп фотосинтез жана дем алуу эсептелинет. Муну менен катар фитоэнзимология, өсүмдүк клеткасынын физиологиясы, эксперименталдык морфология жана экологиялык өсүмдүктөр физиологиясы өнүгүп келген. Өсүмдүктөрдүн физиологиясы микробиология жана агрохимия илимдеринин өнүгүшүнө түрткү берет.

XX кылымдын экинчи жарымында төмөндөгү илимдерди бириктирүү тенденциясы башталат, булар: биохимия жана молекулярдык биология, биофизика жана биологиялык моделдештирүү, цитология, өсүмдүктөр анатомиясы жана өсүмдүктөрдүн генетикасы. Ошол эле учурда окумуштуулар арасында субклеткалык жана молекулярдык денгээлдеги изилдөөлөргө көңүл бурула башташат. Өсүмдүктөрдүн физиологиясынын өнүгүүсү менен бирге биотехнология өз алдынча өнүгө баштайт.

Өсүмдүктөрдүн физиологиясынын максаты[оңдоо]

  • Өсүмдүктөрдүн жашоо тиричилигин толугу менен изилдөө.
  • Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жолдорун изилдөө.
  • Жасалма шарттарда фотосинтез процессин жөнгө салуу.

Өсүмдүктөрдүн физиологиясынын багыты[оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо]