Өт жолдору

Википедия дан

Өт жолдорубоордон жана өт баштыгынан өттү он эки эли ичегиге жеткирүүчү өткөөл.
Ал боор тканындагы майда түтүкчөлөрдөн чогулган жалпы боор өткөөлүнөн жана өт баштыгынын өткөөлүнөн турат. Боор клеткалары эки катар жайгашып, бири бирине беттешкен жагына өт түтүкчөлөрү ачылат. Эки катар тизилген боор клеткалары, борбордук вена тамырынын тегерегине жайланышып боор үлүшүн түзөт. Боор үлүштөрүнөн чыккан өт, үлүш арасындагы өт түтүкчөлөрүнө куюлат. Ушул өңдүү чогултулган өт боордун эки бөлүмүнөн аны чыгаруучу оң жана сол түтүктөр аркылуу чыгат. Боордун оң жана сол бөлүмдөрүнөн чыгаруучу түтүктөр кошулуп, боордун жалпы өткөөлүн түзүшөт. Боордон өт тынымсыз бөлүнүп чыгат да өт баштыкчасына чогулуп, керектүү учурда (майлуу тамакты сиңирүү үчүн) он эки эли ичегиге бөлүнүп турат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8