Өт жолдорунун таш оорусу

Википедия дан
Өт жолунда таш пайда боло турган жерлер стрелка менен көрсөтүлгөн: 1—өт баштыгы; 2— өт агуучу жол; 3— он эки эли ичеги кесилип, ичиндеги таш көрүнүп турат.

Өт жолунда таш пайда болушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өт жолдорунун таш оорусу — зат алмашуу бузулуудан же өттүн акпай токтоп калышынан кишинин өт баштыгында же өт жолдорунда таш пайда болуу оорусу. Бул оору акырындап өөрчүйт. Көп жылдар бою оорулуунун оң жак кабыргаларынын алды оор тартып, ачышып ооруйт.

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрыкча ал куурулган, майлуу эт, ышталган, туздалган тамак-аш жегенде күчөп, ооздун ичи ачуу даамданып, кекирет. Мындай учурда врачка кайрылуу зарыл. Ал диета жана тамактануу тартибин белгилеп, оорунун күчөшүнөн сактайт. Бирок тилекке каршы көп оорулуулар катуу ооруп, оору далыга, акырекке берилгенде врачка кайрылышат. Мындай учурда өттө таш болгондуктан аны хирургиялык жол менен дарылоого туура келет. Оорунун пайда болушуна ашыкча тамактануу, аз кыймылдоо, убактысыз сейрек тамактануу (өттүн акпай токтоп турушуна шарт түзөт) жана башкалар себеп болот. Зат алмашуу бузулганда же өт акпай токтоп калганда андагы өт кислотасы азайып, өттүн коллоид системасынын туруктуулугу бузулуп, өттүн негизги элементтери (холестерин менен билирубин) чөгүп, кристаллдашат да таш пайда болот. Өт кислотасынын аз же көп болушу киши тамактанган майдын сапаты менен санына байланыштуу болот. Тамак-ашта майдын көп болушу, ошондой эле жетишсиз болушу таштын пайда болушуна түрткү берет. Айрым учурда таш билинбейт, ал кокусунан рентген же ультра үн менен изилдөөдө табылат.

Тамактануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорулуулар дарыгер сунуш кылган тамактануу жана күн тартибин сактоолору зарыл. Күн сайын абада 1 сааттан Кем эмес сейилдөө, аз-аздан бат-бат тамактануу талапка ылайык. Тамакты канчалык сейрек ичсе, өт баштыгында ошончо өт көпкө турат. Ошондой эле тамакты өтө тоё ичүү да зыян. Тамак-ашта организмге керектүү заттар (өсүмдүк жана ак май, кайнатып же бууга бышкан эт, балык жана башкалар) болууга тийиш. Жашылчалардан кызылча, чамгыр, труп өт айдама таасир тийгизгендиктен, аларды майдалап жеген жакшы. Өтүндө ташы бар оорулуулар өткүр, ачуу татымалдарды, пияз, козу кулак, спирт ичимдиктерин жана башкалар пайдаланууга болбойт. Оору кармаган учурда диетаны так сактоо зарыл. Анда мала кызыл чай, сууга бышырылган ботко, кисель, кургатылган ак нан, бышырылган жашылчалар жана башкалар сунуш кылынат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8