31-январь
| Декабрь – Январь – Февраль | ||||||
| Дш | Шш | Шр | Бш | Жм | Иш | Жк |
| 1 | ||||||
| 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
| 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 |
| 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 |
| 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 | 29 |
| 30 | 31 | |||||
| 2012-жыл | ||||||
31-январь - Григорий календары боюнча 31-күнү, жылдын аягына чейин 334 (толук жылда 335) күн бар.
Окуялар [оңдоо]
1862-жыл – Элвен Грэм Кларк Сириус Б ак карлик жылдызын, Сириустун компаньонун, 18.5-дюймдук (47 см) телескоп (азыр Түндүк-Батыш университетинде) менен ачкан.
1865-жыл – Америкалык жарандык согуш: АКШнын Конгресси Конституцияга кулчулукту жоюу боюнча 13-оңдоону штаттарга ратификациялоого берди.
1876-жыл – АКШнын буйругу менен бардык жергиликтүү индеецтер резервацияларга көчүртүлдү.
1891-жыл – Португалия республикалык революциянын алгачкы аракети түндүктөгү Порто шаарында баштады.
1915-жыл – Биринчи дүйнөлүк согуш: Германия биринчи болуп чоң өлчөм ченинде уулуу газды Болимов кагылуушуда Россияга каршы колдонгон.
1917-жыл – Биринчи дүйнөлүк согуш: Германия суу алдында сүзүүчү кемелери эки жылдык тыныгуудан кийин чексиз суу астында согушту кайта башташат деп жарыялады.
1924-жыл – СССР Кеңешинин 2-жыйынында СССР конституциясынын соңку редакциясы бекитилген.
1929-жыл – Советтер Союзунан Лев Троцкий чыгарып жиберилген.
1930-жыл – 3M скотчту сата баштады.
1943-жыл – немис фельдмаршал Фридрих Паулюс Сталинградда колго түшүп, 2 күндөн кийин анын 6-армиясынын багынуусу менен Экинчи дүйнөлүк согуштун эң катаал салгылашуусу аяктады.
1946-жыл – Югославиянын жаңы конституциясы Советтер Союзун туурап курамында 6 республиканы (Босния жана Герцеговина, Хорватия, Македония, Черногория, Сербия жана Словения) белгиледи.
1950-жыл – Президент Гарри С. Труман водород бомбасын өздөштүрүүсүн жарыялады.
1958-жыл – «Эксплорер -1» изилдөөчү программасынын алкагында биринчи америкалык спутник орбитага учурулду.
1958-жыл – Джеймс Ван Аллен радиациалуу кур («Ван Аллен» деп аталган) тапты.
1961-жыл – «Меркурий-Редстоун-2» Меркурий изилдөөчү долбоорунун алкагында Хем деген шимпанзе космоско жөнөтүлдү.
1966-жыл – Советтер Союзунун «Луна»долбоорунун бөлүмү катары учкучсуз «Луна-9» космос кемесин чыгарды.
1968-жыл – Тынч океандын түштүк жагында жайгашкан Науру Республикасы көз карандысыздыгын жарыялады.
1971-жыл – «Аполлон-14» Аполлон программасынын алкагында Алан Шепард, Стюарт Руза жана Эдгар Митчел астронавттар “Сатурна V” кемесинде Айдагы Фра Мауро аттуу тоолуу аймакка жөнөшөт.
1996-жыл – «Хйакутаке» кометаны Йужи Хйакутаке, жапон адис эмес астроном, ачты.
1999-жыл – Silent Hill оюндарынын биринчи бөлүмү чыгарылган.
Төрөлгөндөр [оңдоо]
1624-жыл – Арнольд Гелинкс, фламандиялык ойчул (1669-ж.к.).
1715-жыл – Клод Адриан Гельвеций, француз ойчул (1771-ж.к.).
1797-жыл – Франц Шуберт, австриялык композитор (1828-ж.к.).
1857-жыл – Жордж Жексон Чарчвард, британиялык темиржол инженери (1933-ж.к.).
1868-жыл – Теодор Уильям Ричардс, америкалык химик, Нобел сыйлыгынын лауреаты (1928-ж.к.).
1876-жыл – Александр Николаевич Динник, украиналык илимпоз, академик, механика жана серпилгичтик теориясы тармагындагы адис (1950-ж.к.).
1881-жыл – Ирвинг Лэнгмуир, америкалык химик, Нобел сыйлыгынын лауреаты (1957-ж.к.).
1896-жыл – София Яновская, орус математик (1966-ж.к.).
1910-жыл – Валентина Степановна Гризодубова, советтик учкуч аял, Советтер Союзунун Баатыры (1993-ж.к.).
1910-жыл – Владимир Иванович Смирнов, геолог, академик, Ленин, СССР мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты (1988-ж.к.).
1921-жыл – Марио Ланца (чың аты – Алфредо Арнолд Кокоцца), америкалык опера ырчысы (1959-ж.к.).
1924-жыл – Теңгиз Евгеньевич Абдуладзе, грузин кинорежиссеру, СССРдин эл артисти (1994-ж.к.).
1929-жыл – Рудолф Мөсбайэр, немис физик, Нобел сыйлыгынын лауреаты.
1935-жыл – Кэндзабуро Оэ, жапон жазуучусу, 1994-ж. адабият боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты.
1952-жыл – Надя Рушева, орус сүрөтчү (1969-ж.к.).
1979-жыл – Дэниел Таммет, британиялык илимпоз жана жазуучу.
1981-жыл – Жастин Тимберлейк, америкалык ырчы.
1982-жыл – Елена Папиризу, грек ырчы, 2005-ж. «Евровидениенин» жеңүүчүсү.
Көз жумгандар [оңдоо]
1632-жыл – Жуст Бүрги, швейцариялык саатчы жана математик (1552-ж.т.).
1665-жыл – Йоганнес Клауберг, немис улама жана ойчул (1622-ж.т.).
1729-жыл – Йакоб Роггевин, голландиялык изилдөөчү (1659-ж.т.).
1836-жыл – Жон Чейни, британиялык дарыгер, хирург жана жазуучу (1777-ж.т.).
1933-жыл – Жон Голсоурси, англис жазуучу, Нобел сыйлыгынын лауреаты (1867-ж.т.).
1954-жыл – Армстронг Эдвин Говард, америкалык инженер - электрик жана FM-радионун ойлоп табуучусу (1890-ж.т.).
1956-жыл – Aлан Александр Милн, англис жазуучу, «Винни-Пух» жөнүндө аңгемелердин автору (1882-ж.т.).
1971-жыл – Виктор Максимович Жирмунский, орус адабият тарыхчысы, лингвист (1891-ж.т.).
1973-жыл – Рагнар Антон Киттил Фриш, норвегиялык экономист, Нобел сыйлыгынын лауреаты (1895-ж.т.).
1955-жыл – Михаил Леонидович Лозинский, акын, котормочу, котормонун теоретиги (1886-ж.т.).
1970-жыл – Михаил Леонтьевич Миль, Ми-вертолётторунун конструктору (1909-ж.т.).
1987-жыл – Вера Анжапаридзе (чың аты – Верико), советтик жана грузин актриса, СССРдин эл артисти (1900-ж.т.).
1989-жыл – Сэр Уильям Сэмуэль Стефенсон, канадалык жоокер, экинчи дүйнөлук согушта сыр аты Кайраттуу. Жеймс Бонддун прототиби (1896-ж.т.).
1995-жыл – Жордж Эббот, америкалык театр режиссеру жана продюсер (1887-ж.т.).
1999-жыл – Барыш Манжо, түрк ырчы, композитор, телепродюсер. (1943-ж.т.).