@

Википедия дан
@ - белгиси‎»‎ барагынан багытталды)
@

Кадыры күчтүү @ белгиси таң калычтуу, бирок бул белги орто кылымдарда эле колдонула баштаган. Арробаны (көлөмдү жана массаны өлчөөчү бирдик) билдирчү. Кийинчерээк бухгалтериялык документтерде англисче «at» же французча «а» (орусча «по») байламталарын тез жазуу үчүн колдонушкан. 1985-жылы жазуу машиналарынын клавиатураларына, кийин компүтер клавиатураларына өткөн. Муну америкалык программист Рэй Томилсон алгачкы электрондук почтаны ачуу боюнча иштеп жатканда байкаган. Ал өз сөзүндө: «Эч бир ысымда кездешпеген жана эч кимди адаштырбаган, бөлүп туруучу белги издеп жаткам»,- дейт. Эң биринчи электрондук катты Рэй 1971-жылы жиберген.

Баса, орустар @ белгисин «ит» дешет. Африкаанс тилинде «маймылдын куйругу», италиялыктар «үлүл», кытайлар «чычкан», казактар «айдын кулагы», өзбектер «күчүкчө», венгриялыктар «сөөлжан» же «кене», ал эми финндер уктап жаткан мышыкка окшоштуруп «мяу-мяу» деп аташат. Кыргызда болсо маймылча.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Internet-stub Калып:Compu-stub