AliExpress

Википедия дан
AliExpress.com‎»‎ барагынан багытталды)
AliExpress
URL

AliExpress.com

Коммерциялыкпы?

ооба

Сайттын түрү

интернет-дүкөн

Катталуу

бар

Жеткиликтүү тилдер

англисче , орусча, португалча, испанча, корейче, жапончо ж.б

Ээси

Alibaba Group

Ачылган күнү

2010

Учурдагы абалы

Иштейт (Активдүү)

AliExpress.com - 2010-жылы ишке кирген онлайн чекене соода кызматы. Ал эл аралык онлайн сатып алуучуларга өнүмдөрдү сунуш кылган Кытайдагы жана башка жерлердеги чакан бизнестерден турат. Ага Alibaba ээлик кылат. Ал Орусияда эң көп каралган электрондук соода вебсайты жана Бразилияда эң популярдуу 10-вебсайттын бири болгон. Ал чакан бизнестерге дүйнө жүзү боюнча кардарларга сатууга көмөктөшүп, Amazon сыяктуу эле, анда сатып алуу үчүн дээрлик бардык нерсени тапканга болот. AliExpress'ти eBay'ге салыштыруу туурараак болот, анткени сатуучулар AliExpress'ти колдонуу менен керектөөчүлөр менен ишканаларга сатууда көз карандысыз болуп саналышат.

eBay сыяктуу эле сатуучулар AliExpress'те компания же жеке адамдар да болушу мүмкүн. AliExpress Amazon'го караганда башкачараак, себеби ал электрондук соода аянтчасы катары эле иштеп, керектөөчүгө түздөн-түз товарларды сатпайт. Ал Кытай компанияларын сатып алуучулар менен түздөн-түз байланыштырат. Taobao аттуу кытай соода сайтынан башкы айырмасы AliExpress негизинен Кошмо Штаттардагы, Орусиядагы, Бразилиядагы же Испаниядагы эл аралык сатып алуучуларга багытталганында. Alibaba Азиянын чегинен тышкары өз таасирин кеңейтүү жана Amazon, eBay сыяктуу онлайн алптар менен тирешиш үчүн AliExpress'ти колдонууда. AliExpress жаңы керектөөчүлөрдү табуу үчүн биргелешкен маркетиңди пайдаланып жатат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]