Сульфондор

Википедия дан
Cульфондор‎»‎ барагынан багытталды)

Cульфондор — эки органикалык  радикал менен байланышкан, эки же үч >SО 2 тобу бар күкүрттүү органикалык  бирикмелер. Мисалы,

О

||

R- S-R’ (R жана R’ — Аlk же Аr)

||

О

С. түссүз, жытсыз кристалл заттар. Кээ бир төмөнкү өкүлдөрү суюктуктар. LiAlH4 жe (изо — С4Н9)2АlН менен сульфидге чейин калыбына келишет. Реней никелдин таасиринде өтө кыйындык менен күкүрттү жоготуп, углеводородго чейин калыбына келет. Ароматтык С. РСl5 таасиринен АrSО2Сl чейин ажырайт, ал эми аммиактагы Nа таасиринен же NаОН менен балкытып эриткенде АrSО2Nа пайда кылат. 500-800°С > SО2 тобун жоготуп, кээ бир учурда С=С байланышын пайда кылат. С. сульфиди жана сульфоксиди окистендирүүдөн, сульфин к-таларын алкилдөө жана арилдөөдөн, каныкпаган бирикмелерге сульфин к-талары биригишинен, олефиндерге >SО2 таасир кылуудан, Н2SО4 же АrSО3Н туундулары АrН менен болгон реакцияларынан алынат. Медицинада, конструкциялык жана электр-техника тетиктерин даярдоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]