Gangnam Style

Википедия дан
Gangnam Style видеоклиби
PSY сингли
Чыккан жылы: 2012-жылы 15-июль 2012-жыл
Форматы: Санарип жайылтуу
Жанр: Хип-хаус, Электро-хаус, корея хип-хопу
Узактыгы: 3:39

Gangnam StyleТүштүк Кореялык аткаруучу жана ырлардын автору PSYга таандык ыр жана видеоклип. Ыр 2012-жылдын 15-Июлунда элдин назарына чыккан.

YouTube сайтында эң көп көрүлгөн клиптердин катарына тез кошулган.

2012 жылдын Ноябрында “Gangnam Style” немис шаары Франкфуртта өткөн MTV Europe Music Awards 2012 сыйлыгынын “мыкты ыр” категориясында жеңип алган.

20-Сентябрда “Gangnam Style” Гиннестин Рекорддор Китебине Youtube сайтынын тарыхындагы эң көп “лайк” алган видео катарында жазылган.

Кыскача таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Gangnam Style” бул корей тилинен Сеулдун бай району Каннамгунун жыргал турмушун түшүнсөк болот.

CNN кызматына берген маегинде PSY Каннамгуну АКШдагы Беверли-Хиллзге салыштырат.

Ыр «кынтыксыз, качан жапайы жана качан адептүү болушту билген кызга” арналган.

Видеоклип[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Видеоклипте PSY күлкүлүү бийлейт жана Каннамгунун күтүлбөгөн жерлеринен клипке тартылат.

Бирок Каннамгуда ондун ичинен эки гана жеринде тартылган, калгандары Инчхон жана Кёнгидо провинциаларында тартылган.

"Psy ырчынын «Gangnam Style» клиби америкалык блогерлердин арасында абдан популярдуу"
Эван Рамстад The Wall Street Journal

Релиз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Gangnam Style» видеоклиби 15 Июлда чыгаарын К-pop күйөрмандары гана билген.

PSYдын Yonhap News агенттигине берген маегинде бул ырды Кореядан башка өлкөлөр үчүн жаздырган эмес экенин айткан.

Бул видеоклип ар дайым жергиликтүү күйөрмандар үчүн жаралган.

Бирок күйөрмандар Facebook жана Twitter социалдык тармактары аркылуу жигердүү бөлүшүп башташкан. Көп өтпөй интернет колдонуучулары бул ырга көңүл бура башташкан.

Gangnam Style клибинен сүрөт

17 августта KBS 2TV телеканалында “Gangnam Style” клиби кореялык Music Bank музыкалык программасынын жеңүүчүсү деп табылган. Дүйнөлүк медиа өкүлдөрү клипке августтун башында көңүл буруп башташкан.

4-августта The Los Angeles Times гезити «Gangnam Style» “дүйнө жүзүн басып алды” жана ал “эч токтогус” деп жазган.

15-Сентябрда «Gangnam Style» K-pop жанрында iTunes чартында 1-орунду алган биринчи ыр болуп калды.

Youtube сайтындагы популярдуулугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ырдын ийгиликтүүлүгүнүн критерийи катары Yotube сайтындагы популярдуулугу саналат.

The Los Angeles Times гезитинин жумушчусу Дебра Нетбёрн “Gangnam Style” клибин Youtube сайтына жүктөлгөн эң мыкты видеолордун бири деп атаган.

The Globe and Mail жумушчусу “Gangnam Style” видеосун эки айдын ичинде 130 млн көрүү болгондуктан “Интернеттин тарыхындагы бешинчи вирус-видео” деп атаган.

Бул видеонун популярдуулугу өскөн сайын саясий жана ишкер лидерлери тарабынан “Gangnam Style” ырына бийлешкен.

Алардын катарында Google компаниясынын аткаруучу директору Эрик Шмидт, Британия премьер-министри Дэвид Кэмерон жана БУУ баш катчысы Пан Ги Мун.

Алардын айтымында “Gangnam Style” ыры “Дүйнөнү сактоочу күч” болуп саналат.

БУУнун жаңылыктар кызматынын айтканы боюнча PSY “Gangnam Style” ыры менен “Эл аралык сенсация болгонго жетишкен.”

Сырткы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]