Кыргыз-Россия славян университети Б. Ельцин атындагы (КРСУ)

Википедия дан
Kыргыз-Орусия (Славян) универститети‎»‎ барагынан багытталды)

Кыргыз-Россия славян университети Б. Ельцин атындагы (КРСУ) — эл аралык жогорку окуу жайы. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын ортосундагы кызматташтык жана эки тараптуу достук, жардамдашуу келишиминин негизинде түзүлгөн. Өкмөт аралык макулдашууга ылайык университет жана эки мамлекеттик ортосундагы мамлекеттик жогорку окуу жай – Орусия Федерациясы жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамлекет жогорку окуу жайы. Окуу пландары эки мамлекеттин билим берүү стандартынын негизинде түзүлгөн.
Бүтүрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын мамлекеттик үлгүсүндөгү диплом ыйгарылат. Университетте табигый-техникалык, экономикалык, юридикалык, эл аралык мамиле, курулуш дизайны жана архитектура факультеттери иштейт.
2004-жылы Б. Н. Ельциндин ысмы берилген. Окуу пландары эки мамлекеттин билим берүү стандартынын негизинде түзүлгөн. Бүтүрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын жана РФтин мамлекеттик диплому ыйгарылат. 8 факультет (табигый-техникалык, экономикалык, юридикалык, эл аралык мамиле, курулуш дизайны жана архитектура факультеттери), 80 кафедра, 6 илимий-изилдөө институту, 15 илимий жана билим берүү борбору, 4 лаборатория, медициналык борбор, 25 эстетикалык тарбиялоо студиялары, галерея, музей ж. б. бар. Окуу бюджеттик жана контракттык негизде күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. Структуралык бөлүмдөрүнүн башкаруу системасына шартталган негизги белгиси алардын ишке ашыруучу окуу программалардын мазмунуна, максаттарына дал келүүчүлүгү болуп саналат. Билим берүү программасын модернизациялоо иштеринде, жогорку окуу жайларда окуу процессин методикалык жактан камсыз кылууну өнүктүрүүдө активдүү катышат. Текшерүү комиссиясы эки тараптан тең дайындалып, берилүүчү диплом эки мамлекет үчүн жарактуу болуп эсептелет. Университеттин уюштуруучусу жана ректору техника илимдеринин доктору, академик профессор В. И. Нифадьев (1993-жылдан).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети” Башкы редактор: Ү.А.Асанов, жооптуу редактор: А.А.Асанканов. Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н. Өмүрбеков.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]