Samsung Galaxy S7

Википедия дан
Samsung Galaxy S7

'
Өндүрүүчү

Samsung Electronics

Сериясы

Samsung Galaxy S

Тиктеш моделдери

Samsung Galaxy S7 Edge

Чыгарылган датасы

21 февраль 2016 жыл

Сатыкка чыгышы

11 март 2016 жыл

Түрү

смартфон/коммуникатор

Салмагы

152/157 грамм

Оперативдик системи

Android 7.0 Nougat

Процессору

Exynos 8890 Octa-core (төрт ядр. M1 2.3 ГГц жана төрт ядр. Cortex-A53 1.6 ГГц)

Графикасы

Mali-T880 MP12

Флеш-эс тутуму

32 ГБ

Эс тутум картасы

microSD 200 ГБ чейин

Аккумулятору

3000/3600 mAh

Экраны

5.1"/5.5"

Мурдагысы

Samsung Galaxy S6

Кийинкиси

Samsung Galaxy S8

Шилтемеси

samsung.com/global/galaxy/galaxy-s7/

Samsung Galaxy S7 (SM-G930, SM-G935) — Samsung дүйнө жүзүн техникалык жаңы ачылыштар менен таң калтырып келген компания катары белгилүү. Аталган компания 1 жыл мурун премиум-класстагы S6 моделин чыгарса, учурда уникалдуу саналган Samsung Galaxy S7 жана S7 Edge Смартфондордун сатыкка чыгарды. Булар акыркы жылдагы жетишкендиктер менен заманбап технологиялардын артыкчылыктарын кошуп, элеганттуу жана мезгилдин талабына жооп берет. Мунун технологиялык мүнөздөмөлөрүн азыркы компьютерлер менен салыштырса болот, ал эми ылайыктуу көлөмүнө көркөм дизайны жарашып, башкалардан бир топ айырмалантат. Ошондой эле Galaxy S7 смартфону виртуалдуу реалдуулукка өтүүчү Samsung Gear VR көз айнеги, Gear 360 камерасы жана Samsung Gear S2 cааттары коштолгон жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Смартфондор алгачкы жолу ушул жылдын февраль айында Барселонада өткөн Mobile World Congress көргөзмөсүндө көрсөтүлгөн. Ал эми Кыргызстанда Samsung Galaxy S7 жана S7 Edge смартфондору 2016 жылдын 17-мартынан баштап расмий түрдө сатыкка кошулду.

Караңгы жайда да тунук сүрөттөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашооңуздун кызыктуу учурларын күндүз гана сүрөткө тартсаңыз, эми бул смартфон менен бардык учурда тунук кадр тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Galaxy S7 жана S7 Edge камералары Dual Pixer Sensor технологиясы менен жасалып, караңгы түндө да тунук сүрөт тартууга болот. Эми кыймылдап бараткан объектти тартканда да ачык, жарык жана жандуу сүрөт чыгат. Андыктан F1.7 жарык күчтүгү менен түндө да эсте калчу селфи кылсаңыз болот.

Суудан коргойт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Galaxy S7 жана S7 Edge смартфондорун сууга түшүрүп алсаңыз, коркпой деле койсоңуз болот. Анткени суу тийсе да эч нерсе болбогондой иштөөсүн улантат. Эми бассейндин жанында ойноп, пляжда селфи жасоо же жаан жаап жатканда да такси чакыруу сиз үчүн кыйынчылык туудурбайт. Смартфондорго IP 68 даражадагы коргоо стандарты киргизилген, бул смартфондор 30 мүнөт 1,5 метр суу тереңдигинде чыдай алат дегенди билдирет.

Кеңейтилген эс-тутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаңы телефондун оперативдик эске тутуусу 4 Гб жана камтылган эси 32/64 Гб. Galaxy S6`тен айырмаланып бул смартфондорго MicroSD карталык эске тутуу слоту киргизилди. Бул гибриддик слот болгондуктан, ага кошумча MicroSD же экинчи SIM-card кошуп койсо болот. Эми эске тутууну кеңейтүү үчүн сүрөт же видеону өчүрүп отуруунун кереги жок.

Зымсыз кубаттоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

S-сериянын жетинчи версиясынын аккумулятордун көлөмү чоңойтулган, андыктан кубаты алда канча күчөтүлгөн. Зымсыз толугу менен кубаттоо үчүн 2 саат керектелет. Бул үчүн Qi жана PMA стандарттарына жооп берген бардык кубаттагычтар менен иштейт. Ал эми зымдуу кубаттоодо 66% кубатына жетүү үчүн жарым саат гана керектелет.

API Vulkan оюндары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Galaxy S7 жана S7 Edge бардык мультимедиялык файлдар менен иштөөгө ылайыкташтырылган. Эгерде оюндарга кызыксаңыз, анда API Vulkan сизге жардам берет. API Vulkan мобилдик индустрияга алгачкы жолу пайдаланылып, оюндардын графикаларын, ылдамдыгын жаңы деңгээлге чыгарат. Муну менен өзүңүздүн оюндарыңызды көчүрүп, скриншот кылып досторуңуз менен бөлүшө аласыз.

Виртуалдык дүйнөгө кошулуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Заманбап смартфондор Gear VR, Gear 360 жана Gear S2 техникалык дүйнөсүнө өткөргүч. Gear VR – бул виртуалдык дүйнөгө жетелеген түзүлүш. Ага Galaxy S7 жана S7 Edge`тин туташуусу менен мультимедиялык файлдарды реалдуу учурдагыдай көрүүгө болот. Gear 360 – видеолорду жаздыруудагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуучу камера. Эми 360 градуста да ылайыктуу кадр тартууга болот. Ал эми Gear S2 акыркы үлгүдөгү акылдуу саат Galaxy S7 колдонуучунун колуна куп жарашат.

Samsung KNOX коопсуздугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

KNOX коопсуздугу менен Samsung Galaxy S7 жана S7 Edge сатып алган күндөн тарта сизге кызмат кылат. Тагыраагы, KNOX системасы дароо туташтырылып, маалыматтарды башка бирөөлөрдөн сактаганга кепил боло алат. Жеке жана иш бөлүгүн өзүнчө бөлүү, смартфондун жайгашкан ордун табуу жана уурдалып же жоголгондо телефонду блокко түшүрүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Samsung телефонондору