Tesla Model S

Википедия дан
Tesla Model S (2012).

Tesla Model S -- толук көлөмдүү, толугу менен электр кубат менен кыймылга келтирилген люкс классындагы беш-эшиктүү лифтбек, 2012-жылдын июнунда Tesla Inc. (эски аты Tesla Motors) тарабынан чыгарылган. Ал NHTSA автоунаа коопсуздук рейтинги боюнча 5.0 упай алган. Америка Кошмо Штаттарынын Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттигинин (EPA) расмий билдирүүсү боюнча, 100кВт/саат батарея топтому (360 MJ) менен жабдылган 2017 Model S 100D моделинин жүрүү аралыгы 539 километрди (335 миль) түзөт, жана бул көрсөткүч боюнча учурдагы эч бир электромобилге жеткирбейт.[1] EPA'дин эсеби боюнча, 2017 90D Model S'тин энергия сарптоосу 200,9 ватт-сатт/1 км (32.33 кВт-саат/100 миль же 20.09 кВт-саат/100 км) болду. Бул 100 километрге 2,26 литр бензиндин сарпталуусунун эквиваленти болуп эсептелет.[2].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Tesla Quietly Introduces Longest-Range Electric Car on the Market. fortune.com (January 22, 2017). Текшерилген күнү 11 Апрель 2017.
  2. Compare Side-by-Side. fueleconomy.gov. U. S. Environmental Protection Agency and U.S. Department of Energy. Текшерилген күнү 21 Апрель 2017.