Wi-Fi

Википедия дан
Wi Fi

Wi-Fi (англ. Wireless Fidelity — «зымсыз тактык») — интернеттик байланышты зымсыз камсыз кылуу жаатында иштеген Wi-Fi Alliance компаниясынын соода тамгасы (белгиси). Бул компания IEEE 802.11 стандартынын алкагында интернеттик зымсыз байланышты сунуштайт.[1]

Демек, IEEE 802.11 стандартына ылайык келген ар кандай жабдуу Wi-Fi Alliance компаниясы өндүргөн программанын сынагынан өтө алат жана андан тийешелүү күбөлүктү (сертификатты) жана Wi-Fi логотибин жабыштыруу укугуна ээ боло алат.


Иштөө ыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адатта, Wi-Fi тармагынын түзүлүшү эң аз дегенде бир зымсыз байланыш мерчеминен жана бир кардардан турат.
Бул зымсыз байланыш мерчеминен анын интернеттик тармакка кирүү үчүн мүмкүндүк берген тармакты аныктоочу (SSID) коду аркылуу тийешелүү чөйрөдөгү башка компютерлерге атайын сигнал жиберчү пакет аркылуу интернеттик байланыш камсыз кылынат.


Уюкфондор, смартфондор жана ташыма компютерлер (ноутбук, нетбук) соңку учурларда Wi-Fi сигналын кабыл алчу жабдуу менен кошо чыгарыла башташты.[2]
Демек, аларды Wi-Fi үчүн мүмкүнчүлүгү бар жайларда жергиликтүү зымсыз байланыш мерчемине туташтырууга толук мүмкүн.
Тек гана, айрым коомдук жайларда мындай мүмкүнчүлүк акысыз сунушталса, көпчүлүк жайларда зымсыз байланыш мерчемине акы төлөө же атайын уруксат алуу менен гана туташтырууга болот.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Уи тандап роутер жөнүндө эмнени билишим керек
  2. Интернет Уикипедияны тездетүү ыкмасы Archived 2020-10-30 at the Wayback Machine