Zabbix

Википедия дан
ZABBIX
Тип

Монитордоо системасы

Түзүүчүлөр

Zabbix SIA

Программалоо тили

C (сервер), PHP (веб-интерфейс), Java (Java дарбазасы)

Операциялык система

Кроссплатформдук

Акыркы үлгүсү

5.2.3 (21 Декабрь 2020)

Лицензия

GNU GPL

Сайты

http://www.zabbix.com

ZABBIX — компьютердик тармактагы ар-кандай сервистердин абалын көзөмөлдөөчү бекер монитордоо системасы. Алексей Владышев тарабынан жазылган. Берилиштерди сактоо үчүн MySQL, PostgreSQL, SQLite же Oracle берүү түптөрү колдонулат. Веб-интерфейси PHP тилинде жазылган. ZABBIX системасы бир нече монитордоонун түрүн колдойт:

  • Simple checks — SMTP же HTTP сыяктуу стандарттык сервистердин реакциясын жана жеткиликтүүлүгүн, көзөмөлдөнүүчү хостко программдык жабдык тургузбадан, текшере алат.
  • ZABBIX agent — процессордун жүгүн, тармакты колдонуунун, дисктин көлөмүн жана башка маалыматтарды алуу үчүн UNIX-сыяктуу же Windows хосттордо тургузула алат.
  • External check — сырткы программаларды аткаруу. ZABBIX монитордоо системасы SNMP аркылуу монитордоону аткара алат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Zabbix 1998 жылы ички программдык жабдык проекти катары жазыла башталган. Үч жылдан кийин, 2001 жылы, ал GPL лицензиясы менен көпчүлүккө чыгарылган. Анын биринчи туруктуу (стабилдүү) 1.0 версиясы үч жыл өткөн соң, 2004 жылы, чыгарылган.

Түзүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Zabbix сервер — бул Zabbix программдык жабдыгынын өзөгү. Сервер алыстан тармактык сервистерди текшере алат, конфигурдук, статистикалык жана оперативдик маалыматтарды сактоочу милдетин аткарат, Zabbix программдык жабдыгынын, келип чыккан проблемалар тууралуу маалымдоочу субъекти.
  • Zabbix прокси — Zabbix серверинин атынан өндүрүмдүүлүк жана жеткиликтүүлүк тууралуу маалыматтарды чогултат. Чогултулган берүүлөр локалдык буферге киргизилет, андан аaры Zabbix серверге жөнөтүлөт. Бир Zabbix сервердин жүгүн жеңилдетип бөлүштүрүү үчүн колдонулат.
  • Zabbix агент — Тармактык системалардагы локалдык ресурстарды жана тиркөөлөрдү (катуу диск, эс, процессордун статистикасы ж.б.) көзөмөлдөө милдетин аткарат.

Zabbix агенттер, статистика тууралуу маалыматты чогултуу үчүн өз системдик чакырууларын колдонгону үчүн, абдан эффективдүү болуп эсептелинет.

  • Веб-интерфейс — Zabbix серверди башкаруу үчүн колдонулуучу бөлүгү, көбүнчө Zabbix сервер орнотулган серверде жайгашат. PHP тилинде веб серверде (мисалы Apache) иштейт.

Касиеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бөлүштүрүлгөн 1000 мүчөгө чейин монитордоо.
  • Сценарийлер
  • Автоматтык табуу
  • Лог-файлдарды борборлоштурулган монитордоо
  • Башкаруу жана өзгөртүүлөр үчүн веб-интерфейс
  • Отчеттуулук жана тенденциялар
  • SLA монитордоо
  • Бардык платформалардын агенттерин (zabbix-agent) колдоо
  • Комплексная реакция на события
  • SNMP v1, 2, 3 колдоо
  • SNMP капкандарын колдоо
  • IPMI колдоо
  • JMX программаларын монитордоо
  • Ар кандай берүү түптөрүнө талаптарды жазуу мүмкүнчүлүгү
  • Сырткы скриптерди аткаруу
  • Шаблондордун жана группалардын ийкемдүү системасы
  • Тармактын картасын чийүү мүмкүнчүлүгү

Колдоочу платформалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • AIX
  • FreeBSD
  • HP-UX
  • Linux
  • Mac OS X
  • Novell Netware
  • OpenBSD
  • SCO Open Server
  • Solaris
  • Tru64/OSF
  • Windows NT 4.0, Windows 2000, Windows 2003, Windows XP, Windows Vista