Айтматов, Төрөкул

Википедия дан

Айтматов Төрөкул - (1903, Олуяата уезди, Күркүрөө болушу, азыркы Кара-Буура району, Шекер айылы - 1938, Фрунзе) - саясий жана мамлекеттик ишмер. 1917-ж. орус-жергиликтүү мектебин бүтүргөн. 1920-21-ж. болуштук ревкомдун, Грозный кыштагындагы жарды-жалчылар комитетинин секретары болуп иштеген. 1924-ж. Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетин бүтүргөн. 1924-26-ж. ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана башчысы, 1926-29-ж. Каракол-Нарын округдук комитетинин, Жалал-Абад кантондук комитетинин секретары, 1929-31-ж. Кыргыз АССРинин өнөр жай-соода эл комиссары жана Эл чарбасынын борбордук советинин председатели, 193133-ж. партиянын Араван-Буура райкомунун 1-секретары, 1934-35-ж. ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун 2-секретары болуп иштеген. 1935-37-ж. Москвадагы Кызыл профессура институтунда окуган. Анын демилгеси менен 1926-жылдан кыргыз тилинде «Коммунист» партиялык-саясий журналы чыга баштаган. Айтматов 1927-28-ж. республиканын түштүгүндө жер-суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссияны жетектеген. 1937-ж. 1-декабрда жазыксыз камакка алынып, ага «куралдуу жол менен Совет бийлигин кулатууну жана Англиянын протекторатынын астында буржуазиялык-улутчулдук мамлекетти түзүүчү милдет кылып алган, Кыргызстанда бети ачылып, жок кылынган контрреволюциячыл-улутчул «социал-туран» партиясынын көрүнүктүү ишмери» деген күнөө коюлган жана 1938-ж. 5-ноябрда атылган. 1957-ж. акталып, партиялуулугу калыбына келтирилген. Сөөгү 1991-ж. Чоң-Таш айылындагы Ата-Бейит көрүстөнүнө ариет - аза менен коюлган. Туулуп-өскөн жери - Шекер айылындагы мектепке Айтматовдун ысмы коюлуп, эстелиги орнотулган (1992).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Айтматова, Роза Торекуловна. Белые страницы истории: (Мои воспоминания). – Б.: ОсОО «V.R.S. Company», 2013. – 268 с. - ISBN 978-9967-27-080-0.
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1