Антропология

Википедия дан
План:

1Антропологияны жалпы тарыхый корунушу

2Антропология прелмети жана анын илимдеги орду

3 Антропологияны методу жана функсиясы


Антропология-(грек тилинен anthropos - адам, logos - илим) - дүйнөнүн ар кайсы жеринде тарых боюнча жана азыркы күндө жашап жаткан адамдардын(адамдардын топторунун) изилдениши. Бул илим тармагы адамдарды айырмалаган жана окшоштурган ар кандай маалыматтарды топтоп,өндүрүүгө аракет кылат. Антропологиянын төрт негизги бутагы бар.1)Физикалык 2)маданий 3)социалдык 4)археологиялык антропология.Физикалык антропология кишинин биологиялык организм катары карайт,бул багытта кишинин эволюциялык өнүгүүсүн колго алат, инсан түрүнүн илгертеден азыркы күнгө чейинки биологиялык өзгөрүүлөрүн изилдейт. Маданий,социалдык антропологдор болсо өткөн мезгилдердеги жана азыркы убактагы адамдардын маданиятын изилдөө менен алек болушат.Ал эми археологдор өткөн маданияттардан калган заттарды,буюмдарды,нерселерди, сөөк жана адамдар,адам топтору жашаган аймактарды буюмдарды изилдеп, өткөн мезгилде жашап, жазылуу маалымат калтырбаган адамдардын маданияттары тууралуу маалымат,билим чогултат. Тилчилер (лингвисттер), маданияттарды сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү үчүн коммуникация системасы болгон тилди изилдешет. Ар бир антропология тармагы ар башка изилдөө ыкмасына ээ болсо дагы, баары биригип бир антропологиялык көз карашты түзүшөт.

Колдонгон ыкмалары жагынан биологиялык жана социалдык илимдердин катарына кирет.Бирок адамдын социалдык өзгөчөлүгү антропологдорду тарыхый изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына кайрылып, тарыхый маселелерди чечүүгө жардам кылат. А-нын тарых м-н байланышкан тармагын тарыхый А. деп аташат. Тарыхый А. айрым аймактардагы адамзаттын байыркы мезгилден азыркы учурга чейинки өнүгүү тарыхын, байыркы миграциялар, расалык типтердин калыптанышын изилдейт. Адамдын баш сөөк-төрү (краниологиялык материал) аркылуу байыркы мезгилдеги калктардын миграциясы аныкталса, ошол маалымат тарыхый жазма булактар аркылуу такталышы мүмкүн. Мисалы:байыркы түрк доорундагы краниологиялык материалдар аркылуу Теңиртоодо жашаган адамдардын, Түштүк Сибирь м-н генетикалык байланышта экендиги аныкталган. Мындан тышкары, а-нын маданий а-я,этностук а-я,популяциялык а-я,экологиялык а-я,палеоантропология, физиологиялык а-я деген тармактары да бар.

Антропологиянын өнүгүүсү. Антпропологиялык тармакта чоң мааниге ээ болгон эмгектер байыркы замандарга барып такалат. Мисал катары, Грек тарыхчысы Геродоттун 2500 жыл, Афкрикалык имимпоз Ибн Халдундун 700 жыл мурда жазган инсан топторунун (жамааттарынын,коомдорунун) маданияттарын салыштырган чыгармаларын алса болот. Ошондой эле Орто Азияда Махмуд Кашгаринин эмгектери дагы антропологиялык мааниге ээ. Бирок, антропологиянын өзүнчө билим катары бөлүнүп чыгышы жана өнүгүп баштоосун салыштырмалуу түрдө жаңы болуп эсептелет. Эгерде инсан өзүн жана башка инсандарга, жана да өздөрүнүн келип чыгышына, ошондой эле башка инсандардын келип чыгышына кызыкса эмне себептен антропология системалык түрдү илимий дисциплинага айлануусу мынча көп убакытты талап кылды?

Себеби, кайсы бир деңгээлде инсандардын технологиялык жактан чектелүү болуусуна байланыштуу. Тарых боюнча узак мөөнөт ичинде инсандардын географиялык кыйыры чектелүү болгон. Узактагы инсандарды жана алардын маданиятын изилдөөгө көптөгөн күч, убакыт талап кылынып, байланыш курал жана каражаттарын өнүктүрүү менен гана мүмкүн болгон.

Антропологиянын өнүгүүсүнө салым кошкон дагы бир фактор, бул Европалыктардын, башка жерлердеги инсандар менен баардык айырмачылыктарына карабастан негизги бир "инсандык" фактысын кабыл алуу болду. Мурда болсо өз маданий негиздерине (Европалыктардын) окшобогон инсандарга "примитивдүү (артта калган/алгачкы доордогу)", "варвар" же "жапайы" деп атап, убакыт өткөн соң ар түрдүү (инсан) топторду бир түргө (жаныбар түрүнө) тиешелүү экенин кабыл алышты. Инсандардын көп түдүүлүгүнө болгон күндөн күнгө көбөйгөн кызыгуу, өзгөчө жаратылыш мыйзамдарынын илимий тил менен ачыктоого аракет болуп жаткан убакта, ыйык китептердеги салттуу түшүндүрмөлөрдүн жетишсиз экенин көрсөттү. Жыйынтыгында баардык бул жагдайлар антропологиянын төрөлүшүнө даярдык болду. Антропология Европа маданиятынын ичинен келип чыкса дагы бүгүнкү күндө ааламдык деңгээлде таркаган.

Антропологдор дүйнөнүн ар кайсы чөлкөмдөрүнөн болуп, дүйнөлүк деңгээлде, ар кандай маданияттар жөнүндө изилдөө жүргүзөт.

Пайдаланылган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]