Атласи, Ади
Ади Атласи (татарча - Мухаммадхади, Хади, Гадый, Һади Атласи; орусча - Мухаммед-Хади Мифтахутдинович Атласов; 29.8.1876 — 15.2.1938) – татар тарыхчысы, агартуучусу, коомдук ишмери.
Өмүр таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ал 1876-жылы баш оона (август) айынын 29унда падышалык Орусиянын Симбирск губерниясына караштуу Буин үйөзүндөгү Төмөнкү Чекур (Эски Чеке деп да аталат) кыштагында туулган (азыр бул кыштак Татарстандын Дрожжан (Чүпрәлә) районуна карайт).
Атасы – Мифтахутдин татарлардын жергиликтүү молдосу болгон. Энеси Сарвижамал да татар тегинен болгон.
Ади Атласи эне тилинен башка арап, парсы, осмон түрк тилин жана орус, немис тилдерин өздөштүргөн.
1895-98-жылдары Ади Атласи Орунбордун (Оренбург) жанында татарлардын Каргалы кыштагында ачылган мугалимдер окуу жайында таалим алат.
Кийинчерээк ал атайын сынактан өтүп, имам жана мударрис болууга жарактуу деп табылат. Ошондон тартып ал өзү да агартуучу катары “жаңы усул” мектептерин кеңейтүүгө салым кошкон. Бир эле учурда ал жаңыча окуу куралдарын жазууга киришп, андан тышкары астрономия, табият таануу жаатында илимий-жамаагаттык чыгармлар жазып турган.
1906-жылы ал жашыруун уюшулган III Бүткүл орусиялык мусулмандар курултайынын ишине катышып, делегаттарды калайыкты агартуу ишине катышууга үндөгөн.
1907-жылы Ади Атласи падышалык Орусиянын Мамлекеттик думасынын экинчи чакырылыштагы курамына Самара губерниясынан депутат болуп шайланган. [1]
Анын парламенттик ишмердиги “Мусулман эмгек тайпасы” деген депутаттык топтун жигердүү мүчөсү катары иш-аракети менен коштолгон. Ал Мамдумадагы мусулмандар фркциясынын органы болгон “Дума” гезитин негиздөөгө жана чыгарууга да иштиктүү катышты. Алты гана номуру чыккан соң, андагы идеялардан үркүп, падышалык Орусия өкмөтү бул гезитти жаап салган.
1906-жылы Ади Атласи “Жаңы мыйзам жана айдыңдарыбыз (интеллектуалдарыбыз)” деген чакан китепчесин жарыялаган. Кийинчерээк, 1909-жылы, б.а. Ади Атласи депутат болбой калган чакта, падышалык Орусиядагы чакан этносторго карата расмий саясат курч сынга алынган бул китепчени жазгандыгы үчүн Саратов сот палатасы аны үч айга абакта кармоого өкүм кылган.
Ади Атласи сот чечими менен имам жана мударрис кызматтарынан, диниятчылык наамынан ажыратылган. Абактан чыккан соң да ал үзгүлтүксүз түрдө полициянын көзөмөлү астында жүргөн.
1911-жылы анын “Шибер тарыхы” («Себер тарихы») эмгеги жарык көргөн.
1917-жылы Февраль ыңкылабынан соң, Ади Атласи Бөгөлмө (татарча Бөгелмә, орусча Бугульма) үйөзүндө жергиликтүү бийликтин эл агартуу бөлүмүн жетектеген.
Ал Мусулмандардын Бүткүл орусиялык Биринчи (май, 1917-ж.) жана Экинчи (июль-август 1917-ж.) курултайларына делегат катары катышкан.
1918-жылы Бөгөлмө шаарында Кеңеш бийлиги орнотулганда жергиликтүү семинарийде сабак берип окутуучулук кылган. Ал эми 1919-жылы Бөгөлмө шаарында А.В.Колчактын армиясына таандык ак гвардиячылардын үстөмдүгү орногондо, Ади Атласов Бөгөлмө үйөзүнүн жергиликтүү башкармалыгынын (земская управа) агартуу бөлүмүнүн төрагасы болуп дайындалган.
Ак гвардиячылар чегингенде ал өзү да түштүккө карай жер которуп, көз карандысыз Азербайжан Демократиялык Республикасынын борбору Бакы шаарына келет да, мында эл агартуу комиссариатынын түрк басма бөлүмүндө иштеп калат.
1920-жылы сентябрда Азербайжан Демократиялык Республикасын болшевиктер каратып алып, Ади Атласи камакка алынган жана Кеңеш бийлигинин Бириккен мамлекеттик саясий башкармалыгы (БМСБ, орусча ОГПУ) тарабынан 10 жылга абакка кесилген. Байыл абагында, андан соң Чистополь абагында кармалган. 1921-жылы 22-апрелде Бөгөлмө үйөздүк соту Ади Атласиге коюлган “Колчактын бийлиги менен кызматташкан” деген айыптарды негизсиз деп таап, аны толугу менен актаган.
1921-29-жылдары Бөгөлмө шаарындагы жана Шүгүр жана Зая-Каратай кыштактарындагы мектептерде тарых, география, немис тили сабактары боюнча мугалимдик кылган.
1929-жылы 29-январда аны жазыксыз жерден “султангалиевщина иши” боюнча камакка алышып, 1930-жылы 28-июлда БМСБнын коллегиясы тарабынан эч кандай соттук териштирүүсүз эле 10 жылга сталиндик лагерге (ГУЛагга) кесишкен. Ага “эл аралык буржуазияга көмөк көрсөтүү жана контрреволюциячыл уюм уюштуруу” («оказание помощи международной буржуазии и организация контрреволюционной группы») аракетин жүргүзгөн деген айып эч далилсиз эле тагылган.
Ал оболу Мурманск шаарынын аймагындагы абакка жиберилген. 1930-жылы ноябрда Ак деңиздеги бир аралдагы түрмөгө жеткирилген.
Архангельск облусуна караштуу Соловецк аралдары (карелче Solokka, саам тилинде Suollek — «аралдар» дегенди туюнтат) деп аталган жарым аралда жүрүп, саламаттыгы кескин начарлаганда, Ади Атласини 1933-жылы июнда ден соолугунун акыбалына байланыштуу абактан бошотушкан.
Бөгөлмө шаарына кайтып келип, эч жерде мугалимдик ишке орношо албай койгон.
1934-жылы Ади Атласи Татарстандын борбору Казан шаарына көчүп келип, бир аз убакытка немис тили мугалими болуп иштейт. Бирок ал 1935-жылы март айында “саясий жактан ишеничке татыбаган” инсан катары жумушунан айдалган.
1936-жылы 28-июлда Ади Атласи татар улуттук айдыңдарынын жашыруун улутчул уюмунун тымызын жетекчиси катары шектелип, кайрадан камакка алынган. Бул иш атайын “атласовчулук” деген кылмыш ишине негиз болуп, чекисттердин ырайымсыз уруп-согуусунун айынан 1937-жылы 2-майда Ади Атласи Кеңеш бийлигин кулатып, эгемен түрк-татар мамлекетин курууну мүдөө кылган атайын улутчулдардын көтөрүшчүл жана тыңчылык (“шпиондук”) уюмунун жетекчиси катары өзүнө таңууланган доолорду мойнуна алган.
Ади Атласиге (Атласовго) олуттуу доолорду таңуулаган соң, сталинчилердин соту 1937-жылы 28-октябрда аны өлүм жазасына өкүм кылган.
Соттогу акыркы сөзүндө ал: “Мен эч качан террорчу да болгон эмесмин, тыңчы да болгон эмесмин; эч кандай кутумга жана жашыруун уюмдарга катышкан эмесмин. Мен — азыркы замандын кишиси эмесмин, өткөн доорго таандык кишимин”, — деп айткан.
Ади Атласи 1938-жылы 15-февралда Казан шаарында атылган.
Эстутум
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Татар улутунун даңазалуу тарыхчысы жана агартуучусу Ади Атласи 1958-жылы май айында СССР Жогорку сотунун Аскердик коллегиясынын чечими менен толук акталган.
1986-жылдан тартып, “Кайра куруулар” доорунда, анын ысымын актоо багытында бир катар макалалар жарыяланган. Алардын бирин айтылуу чыгыш таануучу, профессор Миркасым Усманов жазганы белгилүү.
Пост-советтик доордо анын ысымын түбөлүккө калтыруунун ар кыл усулдары жүзөгө ашырылды. Маселен, Казан шаарындагы көчөлөрдүн бири — Кирпично-Заводская көчөсүнө анын ысымы ыйгарылып, эми бул көчө “Ади Атласи” (татарча Һади Атласи”) көчөсү деп аталып калды.
1996-жылы Бөгөлмө шаарында Ади Атласи атындагы коомдук кор негизделди. Бул кор негиздеген Ади Атласи сыйлыгына Р. Фахрутдинов (1996), М. Усманов (1997), Г. Даутов (1998), Ф. Иделле (1999), 3. Зайнуллин (2000), Р. Валеев (2003), Д. Сулейманов (2008), Бурханов А. (2014) сыяктуу аалымдар жана айдыңдар татыган.
Кыргыз таануу жааты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Шибер тарыхы” китеби аркылуу Ади Атласи кыргыздардын түрк калктарынын ичинен көөнө тарыхта этностук аты чагылдырылган байыркы элдердин бири болгондугун татарлар менен башкырларга гана эмес, жалпы орток түрк арап арибиндеги адабиятты ээн-эркин окуй алган мүлдө адабий журтчулукка кеңири маалымдаган. [2]
Эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Атласи Һ.М. Себер тарихы. Сөен-бикә. Казан ханлыгы (Тарихи әсәрләр) / Тарих фәннәре докторы С.Х.Алишев редакциясендә; төзүчесе, кереш сүз, искәрмәләр hәм белешмәләр авторы — тарих фәннәре докторы Сәлам Хатипович Алишев; текстны басмага әзерләүдә Раиф Мәрдәнов hәм Айдар Урманче катнашты; нәшрият редакторы Рим Шириязданов. — Казан: Татарстан китап нәшрияты, 1993. — 448 б. — Татар тарихы китапханәсе. — ISBN 5-298-00267-6.
- «Гыйльме хаят» («Жылдыздар турмушу»), 1898—1903.
- «Тарих табигый» («Жаратылыш тарыхы») (1898—1903).
- «Ахыр заман ишаны» («Акыр заман белгиси») (1904—1908).
- «Идел буе» («Эдил бою») (1904—1908).
- «Мэктэб хэм мулла» («Мектеп жана молдо») (1904—1908).
- «Яна низам вэ голэмаларыбыз» ("Жаңы мыйзам жана аалымдарыбыз"). — Оренбург, 1906.
- «Себер тарихы» («Шибер тарыхы»). — Казан, 1911; азыркы орусча котормосу.
- «Сөен-Бикә» Archived 2014-05-17 at the Wayback Machine («Сүйүн-бийке»). — Казан, 1914.
- «Казан ханлыгы» («Казан хандыгы»). — Казан, 1914.
Ал туралуу адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мухаметдинова А. Х. Хади Атласи как историк. Автореферат диссертации на соискание учёной степени кандидата исторических наук. — Казань: Казанский государственный университет, 2003.
- Загидуллин И. К. О Хади Атласи и книге «История Сибири». // Атласов Х. М. История Сибири / Пер. с татар. яз. А. И. Бадюгиной. — Казань: Татарское книжное издательство, 2005.
- Атласов Хади (Гадый) Мифтахутдинович // Васильков Я. В., Сорокина М. Ю. Люди и судьбы. Биобиблиографический словарь востоковедов — жертв политического террора в советский период (1917—1991). — СПб.: Петербургское Востоковедение, 2003.
- Атласов Мухаммед-Хади Мифтахутдинович. // Государственная дума Российской империи: 1906—1917. Б. Ю. Иванов, А. А. Комзолова, И. С. Ряховская. — Москва: РОССПЭН, 2008
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://www.azattyk.org/a/ussr_tatar_kyrgyz-history_hadi-atlasi_1938_blog_ky/29293715.html
- http://protatar.narod.ru/Kitaplar/TatInt/HAtlasi.html
Ички шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Атласов Мухаммед-Хади Мифтахутдинович. // Государственная дума Российской империи: 1906—1917. Б. Ю. Иванов, А. А. Комзолова, И. С. Ряховская. — Москва: РОССПЭН, 2008.
- ↑ http://www.azattyk.org/a/ussr_tatar_kyrgyz-history_hadi-atlasi_1938_blog_ky/29293715.html