Ашшурбанипал

Википедия дан

Ашшурбанипал, Ашшурбанапал - Ассириянын падышасы (биздин заманга чейинки 669-633-жылдар чамасында). Ассирия мамлекетин сактап калуу үчүн аскердик жана дипломаттык күрөш жүргүзгөн. Ассирияга каршы көтөрүлүш чыгарган Египетке бир катар жортуулдарды жасап, аны багынтса да, Египет Ассириядан биротоло бөлүнүп (655-жылы) кетет. Ашшурбанипал батышындагы Тир менен Арвадды багынтып, чыгыш жана түндүк жагындагы киммерийликтер, скифтер, персиялыктар жана мидиялыктар менен күрөшөт. Биздин заманга чейинки 653-жылы Вавилонду башкарып турган өзүнүн иниси Шамашшумукин Ашшурбанипалга каршы көтөрүлүш чыгарат. Биздин заманга чейинки 648-жылы Вавилонду каратып, андан кийин анын союздаштарын биринин артынан бирин талкалайт. Өмүрүнүн акыркы жылдарында (639-жылы) Эламды талкалайт жана арабдарга каршы жортуул жасайт. Ашшурбанипалдын буйругу менен он миңдеген тарыхый, диний жана илимий жазмалар жыйналган. Ашшурбанипалдын китепканасы Ниневиядагы (биздин заманга чейинки 8-7-кылымдагы Ассириянын борбору) 1849-54-жылдардагы казуулардын жүрүшүндө табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1