Ван Янмин

Википедия дан
Ван Янмин

Ван Янмин
Толук аты-жөнү Ван Шоужэнь
Төрөлгөн 31.10.1472
Көз жумган 9.1.1529
Мектеп Неоконфуцчийлик

Ван Янмин (1472–1529) – орто кылымдагы кытай философу, конфуциячылыктын көрүнүктүү өкүлү.

Ван Янминдин кыйла эмгектеринин ичинен «У-Цзин ишо» («үлгү болгон беш китеп жөнүндө божомолдоолор»), «Окуучулар менен болгон философиялык маектер» («Чуань-силу») өтө белгилүү. Буларда философ Чжу Синин дуализмине каршы чыгып монисттик окууну жактаган. Ван Янминдин ою боюнча рух катарында эсептелинген идеалдуу Ли менен материалдуу Ци (башкача айтканда бүткүл дүйнө, бардык принциптер менен нерселер) адамдын акыл эсинде (жанда) гана жашайт, анткени жан бүткүл дүйнөнүн башаты болуп саналат. Мындан Ван Янминдин субъективдүү идеализмдин позициясынан чыга албаганы сезилип турат.

Гносеологияда болсо, Ван Ядмин таануунун туюп-билүү теориясын (теорию интиутивного познания) көтөрүп чыккан. Байыркы философтун саясий доктринасынан «бүткүл кытай менен бүткүл ааламдын биримдиги» жөнүндөгү тезисинен байкоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]