Веблен, Торстейн Бунде

Википедия дан
Thorstein Bunde Veblen
Туулган жылы:

30 -июль 1857(1857-07-30)

Туулган жери:

Като, Висконсин штаты, АКШ

Каза болгон жылы:

3 -август 1929(1929-08-03) (72 жаш)

Каза болгон жери:

Менло-Парк,Калифорния штаты, АКШ

Илимий чөйрөсү:
Белгилүү болгондугу:
Белгилүү болгондугу:

Торстейн Бунде Веблен (1857–1929) – америкалык экономист, социолог.

Веблен Торстейн бир жагынан майда буржуазиялык позициядан капитализмдин айрым жактарын сынга алса, экинчи жагынан К. Маркстын таасири астында коомдук турмуштун негизин материалдык өндүрүш түзөт деп эсептеп, көз карашы кайчы мүнөздө болгон.

Бирок, ал коомдук өндүрүштү технология менен чаташтырып, б. а. техника менен коомдук-маданий институттардын байланышын жеткилең түшүнө албай менчиктин формасынын маанисине тийиштүү баа берген эмес. Веблендин ою боюнча адамдардын салт-санаасы менен көз караштары технологиялык өндүрүштөн, өзгөрүүлөрдөн артта калгандыктан коомдук эволюция негизинен адамдык акыл-эстин ушул өзгөрүүлөрдүн процессине болгон ылайыкташуусу гана болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8