Врубель, Михаил Александрович

Википедия дан

Врубель, Михаил Александрович (1856, Омск – 1910, Петербург) – орус живописчиси. 1880–84-ж. Петербург көркөм сүрөт академиясында П. П. Чистяковдон окуган. Н. Н. Ге менен А. А. Ивановдун салттарын улантып, өз чыгармаларында адам турмушу, жакшы менен жаман, адамдын коомдогу орду ж-дөгү философиялык жана моралдык проблемаларга кайрылган. 1884–1889-ж. Киевде жашап, Кириллов чиркөөсү менен Владимиров соборун кооздоого катышкан. 1889-ж. Москвада меценат С. И. Мамонтовдун көркөм кружогуна кирет. “Венеция” (1893, Орус музейи), “Испания” (1894, Третьяков гал.), “Балчы аял” (1895, Третьяков гал.) аттуу белгилүү чыгармаларын жаратат. Н. А. Римский-Корсаковдун “Садко” (1897), “Падыша кызы” (1899), “Салтан падыша тууралуу жомок” (1900) спектаклдерин жасалгалайт. В. – “Фарс килеминин фонунда кыз көрүнүшү” (1886), Киев, Орус искусство музейи) картинасынын, Н. И. Забела-Врубельдин (1898) портретинин, М. Ю. Лермонтовдун “Измаил-бей”, “Демон”, “Биздин замандын каарманы” чыгармаларына тарткан атактуу иллюстрациялардын автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]