Дейвис, Уильям Моррис

Википедия дан

Дейвис, Д э в и с (Davis) Уильям Моррис (12. 2. 1850, Филадельфия – 5.2.1934, Пасадена) – америкалык геолог жана географ. Гарвард университетин бүткөн (1870). 1876-жылдан анда иштеген (1890-жылдан проф.). Америкалык географтар ассоциациясын негиздеген (1904) жана Америкалык геологдор коомунун президенти (1911), бир нече геология жана география коомдорунун (анын ичинде Россия) ардактуу мүчөсү. 1890–1915-ж. АКШда геология кызматында эмгектенген. Батыш Европа, Түштүк Америка өлкөлөрүндө жана АКШнын ар кайсы аймактарында изилдөө иштерин жүргүзгөн. 1903-ж. Түркстандын чөлдүү аймагында болгон. 1890-ж. география цикл жөнүндө окууну иштеп чыгып, рельефтин өөрчүү баскычтарына түшүнүк берген жана циклдерге бөлгөн. Дейвистин бул окуусу тез тарап, геоморфологиянын өнүгүшүндө чоң роль ойногон. Анын окуусунун кемчилиги рельефтин өөрчүү циклин жалпы геологиянын тарыхы жана ички, тышкы күчтөр менен байланыштырбаганы болгон. Дейвис геоморфология мектебин түзгөн. Физикалык географияны окутууга зор көңүл бөлгөн. Рельефти сүрөттөөнүн жаңы типтерин – блок-диограмманы, рельефтин моделин киргизген. Эмгектери: Геоморфологические очерки. М., 1962.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия
  • Герасимов И. П. О роли В. М. Дэвиса в развитии современной геоморфологии//Изд. АН СССР. Серия географическая. 1956, №1.