Дмитрий Борисович Кабалевский

Википедия дан

Дмитрий Борисович Кабалевский- көрүнүктүү композитор, педогог жана коомдук ишмер, искусство таанунун доктору, СССРдин эл артисти.

Өмүрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дмитрий Кабалевский 1904-жылы 30-декабрда Петербург шаарында туулган.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 1929-жылы Москва консерваториясынын композиция жана Н. Я. Мясковскийдин фортепьяно классын А. Б. Гольденвейзердин жетекчилиги астында бүтүп чыккандан кийин музыкалык дүйнөсү ого бетер байып,чыгармачылыгы күн санап өркүндөп өсүп отурат.Анын чыгармачылыгынын негизин социалдык тематика түзүп,айрыкча жаштар жана балдар темасына көп кайрылган жана лирикалык музыкалар өзгөчө орунду ээлеген.Булардан тышкары бир нече опералардын, кинофильмдердин музыкаларын жазган. Камералык чыгармаларынын ичинен 2 кыл аспап квартети кеңири белгилүү. Мындан башка дагы бир нече фильм,драмалык чыгармаларга музыка жазган.

Кызматы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1939-жылы Москва консерваториясынын профессору болот.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дмитрий Борисович Кабалевский скрипкалык (1948), 1-виолончелдик (1949), 3-фортепьянолук (1952), концерт триадаларын,кантаталарын,балдар ыры жана фортепьяно пьесаларын жараткан. "Тарастын үй-бүлөсү" (1950), "Кола Брюньон" (1937), "Москва жанында", "Никита Вершинин", "Эже-сиңди" операларынын,4 симфониянын, скрипка, виоленчель үчүн чыгармалардын автору.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Искусствого сиңирген эмгеги үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылып,бир нече орден, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кабалевский Дмитрий Борисович // Кыргыз Совет Энциклопедиясы.-Ф.,1978.Т.3.-Б.53; Тарасов Р.Композитор Д.Б.Кабалевский // Ленинчил жаш.-1974.-28-дек.; Кабалевский Д.Б.// Жаш ленинчи.-1974.-№12.-Б.2