Жамбыл Жабаев

Википедия дан

Жамбыл Жабай уулу (28. 2. 1846, азыркы Казакстан, Жамбыл облусу, Жамбыл тоосунун этегинде – 22. 6. 1945, Алматы) – казак акыны. Асан Кайгы, Букар ырчы, Жөжө, Балта, Шернияз, Шортонбай, Дулат, Доскожо, Майкөт жана башка акындарды үлгү туткан. Ошону менен эле бирге, канатташ кыргыз элинин сөз өнөрүн мыкты билген. Кыргыз жерин аралап ырдап, өлөң айтып, күү чертип, өнөрүн элге тааныткан. Акындын революцияга чейинки чыгармалары өз оозунан жана шакирттеринен жазылып алынган. Кылым жашап, эки доордун күбөсү болгон акын мезгил менен өмүр тууралуу ой толгоп, заман чындыгын, эл турмушун чынчылдыктын жана сынчылдыктын өңүтүнөн ырга кошкон. Дастан да айткан. Жамбылдын чыгармачылыгы тематикага бай, чыгармаларынын мазмуну терең, көркөмдүгү жогору болгон. «Замана агымы», «Жаштар алдындагы сөз», «Өмүр жөнүндө ыр», «Ала-Тоо», «Советтер Союзу» жана башка ырлары белгилүү. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Жамбыл элди жеңишке үндөгөн оптимисттик, патриоттук ырларды жараткан («Москвага», «Ленинграддык балдарым», «Алгадай тууралуу ыр» жана башка). Жамбылдын ырлары чет тилдерге, анын ичинде кыргыз тилине да которулган. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941). Ленин ордени, башка ордендер менен сыйланган. Жамбыл облусу анын ысмында.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1