Жеймс Прескотт Жоуль

Википедия дан
Жоуль (Джоуль) Жеймс Прескотт‎»‎ барагынан багытталды)

Жеймс Прескотт Жоуль (Джоуль) - (24.12.1818, Ланкашир, Солфорд – 11.10.1889, Чешир, Сейл) – англиялык физик, Лондон король коомунун мүчөсү (1850). Электр-магнетизм менен жылуулук кубулуштарын изилдөө, төмөнкү температуралар физикасын калыптандыруу, энергиянын сакталуу законун далилдөө боюнча белгилүү салым кошкон. Өз ысмы менен аталган Жоуль-Ленц законун, Жоуль-Томсон эффектисин ачкан. Ферромагнетиктердин магниттелүү кезиндеги магниттик каныгуу кубулушун биринчилерден болуп байкаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1