Жуматурду уулу, Адыл

Википедия дан
Профессор Адыл Жуматурду. КЭР. 29.7.2015.

Адыл Жуматурду уулу (ханзуча: 阿地力·朱玛吐尔地; 1964-жылдын 25-февралында (бирдин айы) Кытайдагы Акчий айылында туулган) (Adyl Jumaturdu) - Кытайдагы "Манас" эпосунун изилдөөчүсү, профессор. Теги кыргыз. Ушул тапта Бээжинде жашайт.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адыл Жуматурду уулу 1964-жылы бирдин айынын (февралдын) 25инде Кытай Эл Республикасынын (Жуңго) ШУАРына караштуу Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Акчий ооданынында төрөлгөн.

1982-1986 Шаңхай жиотоң университетинин Англис тил-адабияты факултетин бүтүргөн.

1986-1990 үрүмчүдө Шинжаң өнөр-жай (политехник) иниститутунда (азыркы Шинжаң университети) Англис тил-адабияты боюнча окутуучу болгон.

1990-жылы атайын “Манас”эпосун которуу жумушуна ылайык тандалып, Шинжаң Адабият-Көркөм өнөчүлөр Союзу, фолклор изилдөө коому “Манас” эпосун изилдөө секторунда кызматка дайындалган.

1995-2004 жылга чейин ошол секторду жетектеген.

1990-2001 Жуңго Кыргыздарынын “Манас” баштаган эл ооз адабият чыгарманларын которуу, басмага даярдоо, үгүттөө жана изилдөө кызматтарына жетечилик кылып белсене иштеген.

1998 улуу илимий кызматкер атагын алган. Ушул кызмат барышында, 1995 жана 2000-жж. эки жолу Шайлам аркылу Шинжаң фолклор изилдөө коомунун орун басар төрагасы болуп шайланган.

1997 жана 2002 еки жолу ШУР Адабият-Көркөм өнөрчүлөр Союзунун орун басар төр-агасы болуп шайланган жана белсенип иштеп, улуттук фолклор кызматына орошон салым кошкон.

2002-2007 ШУАР саясы кеңеш 9 гезетик котатынын туруктуу мүчөсү болуп шайланган.

2001-жылы Сентябр айынан баштап, Бээжиндеги Жуңго коомдук илимдер акадимясы асфиранттурасына доктор асфирант Мамлекеттик бир туташ сыноосунан өтүп, 2001-2004-жж. борбор Бейжинде окуган.

2004-жылы «Манасчылар жөнүндө изилдөө» деген темадаги докторлук диссертациясын коргоп, жогору бааланып, Жуңго Кыргыздарындаги тунгуч Филология илиминин доктору болуп көрунгөн.

Ошону менен 2004-жылы кызмат орду Үрүмчүдөн борбор Бээжинге которулуп, Жуңго коомдук илимдер акадимясы, улуттар адабият изилдөө инистуту, түндүк улуттар адабият изилдөө сэкторун жетектейт.

2006-2009 Бээжин Борбордук улуттар университетинде пост-докторлук изилдөө жумушун улантып «Түрк элдеринин баатырлык эпосторунун курулмасы жана мотифтерин салыштырип изилдөө» деген диссертация темасын коргоду жана Жуңго Кыргыздарынан көрүнгөн пост-докторлук илимий дипломун алган мамлекеттик ардагер болуп, ушул салаадакы боштукту толтурду.

Илимий адистиги боюнча башкы адис изилдөөчү (2006), жана Жуңго коомдук илимдер акадимясы асфиранттура инстутунун профессору(2007), Магистиръ асфирант жетекчиси (2007), доктор асфирант жетекчиси (2012)....илимий даражаларды алган.

Ал Кытайдагы “Манас” эпосун изилдөө коомунун орунбасар баш катчысы, Жуңго улуттар адабият изилдөө коомунун туруктуу мүчөсү, Жуңго фолклорчулар коому, шинжаң жазуучулар коому, Бейжин жазуучулар коому, бүткүл дүйнөлүк фолклорчулар коому(Финландя), дүйнөлүк«Кэрвала» эпосунун изидөө коому(Финландя), сыяктуу дүнөлүк жана мамлекетик илимий коомдорго мүчө.


Бээжинде ачылган Бүткүл дүйнөлүк эпос изидөө коомунун саммиттинде,аталган коомдун акылчылар комитетинин мүчөсү (2012-ж)болуп шайланды.

Билими тууралуу маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1986-жылы июлда (теке айында) - Шаңхай каттоо университетинин англис тили кесибин бүтүргөн.
1986-жылы ноябрдан (жетинин айынын) - 1990-жылы майга чейин Шинжаң өнөр жай иниститутунун чет эл тили окутуу кафедрасында англис тили окутуучусу болуп иштеген.
1990-жылы декабрынан (бештин айынын) - 2004-жылы - автономдуу райондук адабият - көркөм өнөрчүлөр бирикмеси, эл адабият көркөм өнөрчүлөр коомунда иштеди.
1995-жылы жетинин айынан азыркыга чейин - Шинжаң эл адабият - көркөм өнөрчүлөр коомунун орунбасар төрагасы,
1997-жылы үчтүн айынан азыркыга чейин - автономдуу райондук адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин орун басар төрагалык милдетин аткарып келди.
1998-жылы октябрында (тогуздун айында) - адис изилдөөчү илимий атагын алган.
2001-жылы июлунун (теке айынан) - 2004-жылы июлуна (теке айына) чейин Жуңго коомдук илимдер академиясы аспиранттар институтунда доктор аспирант болуп окуп,
2004-жылы 20-майда - «Манасчылык» деген темадагы илимий эмгеги менен филология илимдер боюнча докторлук дипломун алды, макаласы жогору бааланды.
2006-2009 Бээжин Борбордук улуттар университетинде пост-докторлук изилдөө жумушун уланткан


Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адыл Жуматурдунун башкалар менен биригип жазган «(Манас)тын улуу устаты залкар манасчы Жусуп Мамай» аттуу илимий эмгеги 2004-жыл (2-айда) автономдуу райондук тунгуч кезектүү «Теңир тоо адабият көркөм өнөр сыйлыгы» боюнча (озот) чыгарма сыйлыгын алды, ошол жылы октябрында (тогуздун айында) дагы эле ушул чыгармасы Жуңго эл ооз адабият - көркөм өнөрчүлөр коомунун 3-кезектүү «Эл адабият көркөм өнөрчүлөр тоо гүлү сыйлыгы» боюнча 1-даражага арзыган.
1990-жылы декабрында (бештин айынды) Жуңго эл адабият - көркөм өнөрчүлөр коому жагынан «Ахлак кесипте тең жетилген жаш» атагын алган.
Ошол жылы (10-айда) «Шинжаңдагы ахлак-кесипте жетилген 100 адабият көркөм өнөрчү»нүн бири атагын алган.

Илимий жана башка чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын «Жуңго улуттары кылым аттаган белгилүү үй-бүлөлөр жазмасы залкар манасчы Жусуп Мамайдын үй-бүлөсү» (биригип жазган), Юннан университети басмасы, 2003-жылы 12-ай,«Кыргыздардын этнографиялык тезкиреси» аттуу китеби (чыгуу алдында), Борбордук улуттар университети басмасы «Орто Азия улуттарынын Эл адабиятынан жалпы баян» Коенлун басмасы, 2006-жылы 3-ай Ж.Б. китептери чыккан жана көптөгөн макалалары жарыяланган.

Ал которгон «Кыргыз адабият тарыхы» (2), «Жаңыл мырза» (сынарыя), «Кыргыз байыркы чыгармаларынын антологиясы» сыяктуу китептери бар. «Манас» эпосунун Жусуп Мамай вариантынан 100 миң сап жана көптөгөн акын жазуучулардын түрдүү жанрдагы чыгармаларын ханзучага которгон. «Жуңго аз сандуу улуттар маданыят чоң сөздүгү», «Жуңго Кыргыздары энциклопедиясы», «Жуңго ар улут фолклордук маданият заттары чоң сөздүгү» сыяктууларды түзүүгө катышты.
Негизги илимий жана башка эмгектер:

Азырга чэйин жеке жана башкалар менен биригип Ханзуча жана Кыргызча жазган илимий китептер жана монографялар:

1. «Чыгыш Эл Ооз адабиятынан Жалпы баян» (4 томдук) (2006ж),( башкалар менен биригип)

2.  «Орто - Азия Эл Ооз адабияты» (2010ж), 

3. «Жуңгодагы кылым аттаган үй-бүлөөлөр туралуу баяан: Залкар манасчы Жусуп Мамайдын үй-бүлөөсү» (2003ж),( башкалар менен биригип)

4. «Залкар манасчы Жусуп Мамай» (Кытайча, 2002ж. Кыргызча 2007ж.Бейжин, 2014ж,Бишкек. Жапанча 2016ж.) ,( Токтобубу Ысак кызы менен биригип)

5. «Манасчылар Жөнүндө изилдөө» (Кытайча, 2007ж, Бейжин), 

6. «Ооз эки салт жана баатырлык эпос» (Кытайча, 2009ж), 

7. «Кыргыздардын элдик ишеними жана коому» (Кытайча, 2009ж) ,( башкалар менен биригип)

8. «Манас деп ураан чакырып» (Кыргызча, 2006ж биринчи жолу, 2009ж экинчи жолу, 2012ж үчүнчү жолу басылды),

9. «Жуңго Кыргыздары» (Кытайча,2012ж), 

10. «Жуңго Кыргыздарына жакындан назар салуу» (Кытайча,2015ж)

Сыяктуу 10дон ашык Кытайча, Кыргызча илимий китепдердин афтору.

Жуңго, Кыргызстан, Жапония, Финландия, Америка,Туркия, Якутия катарлуу мамлектерде, дүйнөдөгү окшобогон тил-жазууларда 120 дан артык илимий макала жарыялаган.

Жуңгода басылып чыккан «Жуңго улуу энциклопедиясы»,«Жуңго Кыргыздар энциклопедиясы» жана

1.«Кыргыздадын элдик чыгармаларынын тандалмадары (Кытайча) 3 томдук»(2003ж),

2.«Кыргыздар׃ Кытай тарыхындагы Кыргыздарга байланыштуу маалыматтар»(2004ж),

3.«Кыргыздардын байырыкы чыгармаларынын тизиси»(2009ж),

4.«Жуңго улуттар маданият энциклопедия»(1999ж),

5.«Жуңго улуттар мифологиясы менен диндик ишениминин энциклопеди»(1990ж),

6.«Жуңго фолклор Чоң энциклопедиясы»(2008ж),

7.«Шинжаң аз сандуу улуттар чыгармаларынын тандалмадары (Кытайча) 6 томдук»(1999ж),

8.«Жуңго үч Чоң Эпос энциклопедия»(2015ж),

сыяактуу бир топ Энцклопедия, Чоң колдонмолорго түзүүчү катарында катышкан, жана Кыргыз адабияты, маданыяты, каада-салты боюнча 1000ге жуук термин-мүнөөздөмө, макаласын жазып жарыялаган.

Адыл Жуматурду 2005-жылы февралынан (бирдин айынан бери) Жуңго коомдук илимдер академиясынын улуттар адабиятын изилдөө ордунда эмгектенип жатат.

Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ШУАР райондук 9 гезек саясий кеңештин туруктуу аткаруу мүчөсү(2002-2007), Жуңго эл адабият - көркөм өнөрчүлөр коомунун мүчөсү(1999),

Жуңго «Манас» изилдөө коомунун орунбасар катчысы,

Шинжаң жазуучулар коомунун, Шинжаң философия - коомдук илимдер бирикмесинин, Бейжин шаардык жазуучулар коомунун мүчөсү,

Шинжаң Кыргыздарынын байыркы чыгармаларын чогултуу-иреттөө тобунун орунбасар башчысы.

Жуңго Хэйлуңжаң Кыргыздары маданияат коомунун акылчысы.

Илимий атактар жана миндеттер:

1.Жуңго улуттар адабият изилдөө коомунун туруктуу мүчөсү(2014ж),

2.Жуңго фолклорчулар коомунун туруктуу мүчөсү(1999ж), 

3.Шинжаң жазуучулар коомунун мүчөсү(2000ж),

4.Бейжин жазуучулар коомунун мүчөсү(2007ж), 

5.дүйнөлүк фолклорчулар коомунун (Финландя) мүчөсү(2007ж), 

6.дүйнөлүк «Кэрвала» эпосунун изидөө коомунун (Финландя) мүчөсү (2009ж), 

7.Бүткүл дүйнөлүк эпос изидөө коомунун акылчылар комтетинин мүчөсү (2012ж),

8.Кыргызстан дүйнөлүк Чыңгыз Айтматов Академяасынын Академиги (2011ж), 

9.Жуңго Хый-лоң-жаң Кыргыздары маданыяат коомунун акылчысы, 

10.Кыргызстан Ишеналы Арабаев атындагы Мамдекеттик Универстетин ардактуу профессору (2011ж),

11. Бейжиндеги Борбордук улуттар Уневерситетинин атайн сунушталган профессору,

12.Сычуан Уневерситетинин атайн сунушталган профессору,

13.ШУРдын өкүмөт баяыркы чыгармаларды жыноо иреттөө жана басмадан чыгаруу кызматына жетекчилик кылуу гурупасы алдындагы акылчы мамандар комтетинин мүчөсү,

14.Жуңго(КНР) коомдук илимдер акадимясы улуттар адабият изилдөө  иниститутун илимий кеңешиншн мүчөсү,

15.Жуңго(КНР) коомдук илимдер акадимясы улуттар адабият изилдөө  иниститутунун  “Улуттар адабият изилдөөсү” илимий жорналынын кология мүчөсү,

16.Кыргызстан Ишеналы Арабаев атындагы Мамдекеттик Универстети Манас изилдөө иниститутун “Манас ааламы”илимий жорналынын кология мүчөсү.


Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адыл Жуматурду уулу Жуңгодагы аз улуттар адабияты боюнча эң-жогору сыйлык “Тулпар сыйлыгы” (1999-ж),

Фолклор илими саласи боюнча мамлекеттик эң-жогору сыйлык “Тоо Гүлү” сыйлыгынын эки жолку (2004-ж), (2007-ж),

Шинжаң өлкөлүк “Теңир тоо адабият көркөм–өнөр сыйлыгы” (2004-ж) катарлуу мамлекеттик жогорку сыйлыктардын ээси.

Кыргызстан дүйнөлүк Чыңгыз Айтматов Академиясынын академиги (2011-ж.).

Кыргызстан Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин ардактуу профессору (2011-ж.).

1.Жуңгодагы аз улуттар адабияты боюнча эң-жогору сыйлык “Тулпар ” сыйлыгы менен бир жолу(1999ж) сыйланган.

2.Жуңгодагы Фолклор илими саласи боюнча мамлекеттик эң-жогору сыйлык “Тоо Гүлү сыйлыгы” менен эки жолку (2004ж), (2007ж) сыйланган. 

3.ШУРдын адабият-Көркөм өнөрү боюнча эң-жогору сыйлык “Теңир тоо адабият көркөм–өнөр сыйлыгын” менен бир жолу(2004ж) сыйланган.

4.Жуңго Фолклорчулар уяуму жагынан “аклак-моралдуу жана кесипте мыктуу” деген атагы менен сыйланган(1999ж).

5. ШУРдын адабият-Көркөм өнөрү боюнча “аклак-моралдуу жана кесипте мыктуу 100 кишинин ” деген атагы менен сыйланган(1999ж).

6.ШУРдын өкүмөт жагынан баяыркы чыгармаларды жыноо иреттөө жана басмадан чыгаруу кызматында озот кызматкер деген атагы менен сыйланган(2011ж).

7.Жуңго(КНР) коомдук илимдер акадимясы улуттар адабият изилдөө  иниститутун илимий эмгек бояунча 1 даражалуу сыйдык(2014ж). 


Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы - белгилүү кытайлык окумуштуу, кыргыз таануучу, манас таануучу, доцент Токтобүбү Ысак кызы (1966).


Бир уул (Эрзат), бир кызы (Перизат) бар. Эрзат, Перизат деп алардын аттарын залкар манасчы Жусуп Мамай (1918-2014) өзү коюп берген.

Учурда Бээжин шаарында турушат.

Чыгармаларынын кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысак кызы, Токтобүбү, Жуматурду уулу, Адыл. Залкар Манасчы Жүсүп Мамай / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), А.Акматалиев, ж.б.; илимий редактору Гүлзада Абдалиева. – Б.: “Принт Экспресс”, 2014. – 328 б. - “Тарых жана мурас” түрмөгү [Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын иликтөө боюнча “Мурас” кору; “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБ]. - ISBN 978-9967-12-401-1.
  • Adil Jumaturdu (Chinese Academy of Social Sciences). The Legendary and Cultural Traces Connected To The Oral Epic Manas: On The Basis Of Jusup Mamay's Version // Вестник Северо-Восточного федерального университета имени М.К.Аммосова. – Серия Эпосоведение. – № 2 (14). – Якутск, 2019. – С. 21–30. – УДК 398.22(=512.154)(091). – DOI 10.25587/SVFU.2019.14.32177.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Субакожоева, Ч. Т. Кытай кыргыздарындагы «Манас» эпосунун сакталуу жана өнүгүү тарыхы (Кызыл-Суу кыргыздарынын мисалында) [Текст] / Ч. Т. Субакожоева. Илимий ред. проф. Т. К. Чоротегин. – Бишкек: Оптима Текноложис, 2015. – 216 б. - ISBN 978-9967-04-633-7.
  • Субакожоева Ч.Т. Кытай кыргыздарындагы «Манас» эпосунун варианттарынын сакталуусу жана этнографиялык маалыматтары:(Кызыл-Суу кыргыздарынын мисалында). - 07.00.07 - этнография, этнология жана антропология. - Тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын авторефераты. - Бишкек, 2015. - 26 бет.
  • Субакожоева, Ч. Т. Жүсүп Мамай: манасчынын тарыхый чындыгы [Текст] / Ч. Т. Субакожоева. - Бишкек, 2013. - 55 б.
  • Субакожоева, Ч. Т.Жүсүп Мамай – тарыхый инсан [Текст] / Ч. Т. Субакожоева // И.Арабаев атындагы КМУнун Жарчысы. – 2013. – Атайын чыгарылыш. – 2-бөлүк. -172-177-б.
  • Субакожоева, Ч. Т. «Манас» эпосунун Кызыл-Суу кыргыздарында изилдениши [Текст] / Ч. Т. Субакожоева // Жүсүп Мамай: Заманыбыздын залкар манасчысы: Кытайлык кыргыз залкар манасчысы Жүсүп Мамайдын чыгармачылыгына арналган илимий баяндамалардын жана макалалардын топтому. - Бишкек, 2014.- 242-244-б.
  • Чоротегин Т.К. Бээжиндеги бараандуу манас таануучу // Жуматурду, Адыл. Оозеки адабияттын теориясы жана манасчылык өнөр (Кытай кыргыздарынын материалдарынын негизинде). Түзүүчү – Ч.Субакожоева; жооптуу редакторлор: проф. Т.А.Абдырахманов, проф. Т.К.Чоротегин. –– Бишкек, 2020. –– 414 б. – ISBN 978-9967-04-890-4. – Б. 24–34.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүрөт баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессорлор Адыл Жуматурду уулу жана Токтобүбү Ысак кызы коноктор жана уул-кызы менен Бээжинде. 21.10.2015.
Профессорлор Адыл Жуматурду уулу жана Токтобүбү Ысак кызы уул-кызы менен Бээжинде. 21.10.2015.
Профессор Лаң Йиң Үрүмчү шаарында манас таанууга арналган эл аралык илимий жыйында. Кытай. 25.10.2015.