Кабрильо, Хуан Родригес

Википедия дан
Хуан Родригес Кабрильо.

Хуан Родригес Кабрильо (исп.Juan Rodríguez Cabrillo, порт.João Rodrigues Cabrilho — Жуан Родригеш Кабрилью, болжолдуу 1499 — 3-үчтүн айы 1543) — конкистадор жана испан канышалыгынын алдында деңиз сүзүүчү, учурдагы Калифорниянын жээгине барган биринчи европеец.

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кабриолдун жаш кездеги жүрүүлөрү жана эмне менен алектенгени документтерге түшүрүлгөн эмес. Испан тарыхчысы Антонио де Эррера[1] эмгегинде, Кабриол португал экендиги гана жазылган. Калифорниядагы португалдардын диаспоунун жана португал элинин аркасынан анын ысымы унутулуп калган эмес. Кубаны жана Мексиканы багындырууга катышкан. 1951-жылы Эрнандо Кортестин кол алдында Теночтиланы басуу согушунда болгон. Педро де Альварадо менен бирге учурдагы Гватемаланы, Гондурасты жана Сальвадордун территорияларын басып алышкан. 1542-жылы «Сан-Сальвадор» жана «Виктория» кемелер армадасын жетектеп Натвидад портунан (учурда Акапулько) легендарлуу Аниан куймасын табууга жол баштаган. 3-аяк оона айында кемелер Калифорния жарым аралынын түштүк жээгин басып өтүшкөн. 28-аяк оона айында армада Сан-Диего куймасына кирген. 40° түн. ш. (Мендосин баскычы менен) жеткенде кайра артка кайрылышкан. Экспедиция учурунда чумаш уруусундагы индейцтер менен салгылашышкан. Салгылашууда Кабрильо жарадар болуп Санта-Каталина аралында каза болот.

Кабрилдун экспедициясы тууралуу расмий отчет жоголуп, ал жүрүштө катышкан окумуштуу Андрес Урданетанын белгилөөлөрү гана сакталып калган. Деңиз сүзүүчүнүн сөөгү катылган жер азыркыга чейин белгисиз.

Тарыхый мурас[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кабрильонун Сан Диегодогу айкели, Калифорния.

1913-жылы Пойнт-Лома жарым аралынын түштүк бөлүгүнө биринчилерден болуп деңиз сүзүүчүнүн буту тийген жерге Кабриолдун Улуттук монументи түзүлгөн. 1939-жылы португал скульптору Алвару де Брее тарабынан Хуан Кабрильго айкел тургузулган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. (es) Antonio de Herrera y Tordesillas. Historia general de los hechos de los Castellanos en las islas y tierra firme del Mar Oceano (Madrid, 1601—1615, 4 vols)

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]