Жеймс Кук

Википедия дан
Кук Жеймс‎»‎ барагынан багытталды)
Жеймс Кук (1776).
Кук 3 экспедиция.

Жеймс Кук (27. 10. 1728, Улуу Британия Йоркшир графтыгы, Мартон, — 14. 2. 1779, Гавайи аралы) — англис деңиз саякатчысы. Жер шарын айланып чыккан 3 экспедицияга жетекчилик кылган. Тынч океандагы 11 архипелагды жана 27 аралды ачкан. Канададагы, Жаңы Зеландиядагы деңиз өткөөлдөрүн жана алардын жээктерин (1759, 1763—67), Австралиянын чыгыш жээгин жана Жаңы Гвинеянын бир бөлүгүн картага түшүргөн (1768—71). Биринчи экспедициясында (1768—71) Жаңы Зеландия 2 аралдан (Түштүк жана Түндүк) тургандыгын далилдеген. Аларды бөлүп турган кысыкты, Австралиянын чыгыш жээгин, Чоң Тоскоол рифин изилдеп, экинчи экспедициясында (1772—75) Түштүк жарым шардагы мелүүн алкактарда кургактыктын ири массивдери жок экендигин аныктап, Жаңы Гебрид аралынын түштүк тобун, Жаңы Каледонияны, Норфолк аралын, Туамоту архипелагынын 2 атоллун, Коом, Кук аралынын түштүк бөлүгүн картага түшүргөн. Азия менен Американын ортосунда кысык бар экенин толугу менен далилдеген. 1773-жылы тарыхта 1-болуп Түштүк уюлдук тегеректи кесип өтүп, 71°01´түштүк кеңдикке жеткен. Кук уюл жакта материк же ири кургактык бар экенин божомолдогон, бирок аны издөөнү токтотууга аргасыз болгон. Үчүнчү экспедициясында (1776—79) Гавайи аралына жетип, Американын түндүк-батыш жээгин изилдеген.

Кук Гавайи аралындагы жергиликтүү калк менен болгон кагылышта курман болгон. Жаңы Зеландиянын Түштүк аралындагы тоо, Тынч океандагы аралдар тобу (Кук архипелагы), Жаңы Зеландиядагы Түштүк жана Түндүк аралын бөлүп турган кысык (Кук кысыгы), Алясканын жээгиндеги булуң Куктун ысмынан аталган.

Эмгектери: Первое кругосветное плавание. Плавание на «Индевре» в 1768—1771 гг., М., 1960; Второе кругосветное плавание. Плавание к Южному полюсу и вокруг света в 1772—1775 гг., М., 1964; Третье плавание. Плавание в Тихом океане в 1776—1780 гг., М., 1971.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]