Маречек, Рудолф Павлович

Википедия дан

Рудолф Павлович Маречек (Rudolf Mareček, 1888-1970) – чех социалисти, Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүүгө салым кошкон ишмер.

Кыскача өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рудолф (Рудольф) Павлович Маречек Чехиядагы (мурдагы Австро-Венгрия падышалыгынын аймагындагы) Ново-Грозенков кыштагында 1883-жылдын 28-февралында туулган. Рудолфтун атасы темир устачылык менен кесип кылып, баласынын татыктуу билим алышына аракет жасаган.

Ал 1907-жылы Венадага кесипчилик окуу жайын бүтүп, аз убакытка жыгач устачы болуп эмгектенген. Рудолф жаш кезинен социалисттик идеяларга кызыккан. Р.Маречек 1909-жылы Орусияга келип, революциялык кыймылга аралаша баштаган.

1917-жылы Украиндагы Харьков шаарында Боривой аттуу уулдуу болгон.

1918-жылдын 19-мартынан Орусия Компартиясынын (болшевиктердин) Казакстандагы Верный (Алматы) шаардык убактылуу комитетинин төрагасы болгон.

1918-20-жылдары Кызыл аскерде кызмат өтүп, комиссар болгон, андан соң РКП(б)нын Кыргызстандагы Каракол (Пржевальск) шаардык комитетинин төрагасы болгон.

Азыркы Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Түп районунда “Жаңы доор” (“Новая эра”) коммунасын негиздөөгө салым кошкон.

1920-жылдары Чүй боорунда айтылуу “Интергелпо” коммунасын негиздегендердин бири.

Кийин ар кыл советтик жана комммунисттик партиялык кызматтарда иштеген.

1930-жылдардын этегинде сталинчил жазалоолор маалында анын тагдыры кандай болгону иликтенүүдө.

1970-жылы дүйнөдөн кайткан.

Анын укум-тукуму да Кыргызстанда байырлап, Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуп келишет.

Кыргызстандагы алпинизм жана Маречектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рудолф Маречек Кыргызстанда алпинисттик кыймылды негиздөөгө салым кошуп, бир катар чокуларга чыккан.

Анын уулу Боривой Маречек (25.03.1917 – 08.05.2001) болсо “Ала-Арча” капчыгайында алгачкы алпинисттик өргүү жайын (лагерди) негиздеген. Боривой Маречек ССР спортунун мастери болгон жана Кыргызстандагы спорттук туризмди өнүктүрүүгө бараандуу салым кошуп, китеп да жазган.

Кыргыздар жана Маречектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айгерим аттуу кыргыз айымы Маречектердин үй-бүлөсү тууралуу интернетте жылуу сөзүн калтырган: “Мен алардын үй-бүлөсүн жакшы билем. Кейиштүүсү, Боривой Рудолфовичти өзүм көргөн эмесмин. Анын аялы Анастация Бондаренко менен эки жыл чогуу жашап калдым. Ал жупуну жана эмгекчил болчу. Ал дайыма жаратылыш жөнүндө ырлар жазчу. Ал мага өз чоң энемдей болуп калды. Азыр мындай кишилер азайып калганы өкүнүчтүү. Бирок аларды эки кызы бар – Ина жана Эла эжелер. Алар да мага ата-энемдей болуп калышты. Дайыма көмөк кылууга даяр кишилер. Маречектин бүлөсү бизге дайыма өрнөк болуп калмакчы. Сиздерге алкыш жана таазим!” (Орусча оригиналы өзгөртүүсүз берилди: “Я хорошо знаю их семья.Сожалению Боривоя РУДОЛЬФОВИЧУ не видела.Его жена Анастация Бондаренкой вместе 2 года жила. Она была скромная умная и трудолюбивая. Она всегда писала стихи о природе. Она мне стала как родная бабушка Жаль сейчас такие люди мало. Но их 2 дочери есть Ина, и Эла эже. Они тоже как родители стали. Всегда готов помогать. Семья Маречека всегда нам примером останется. Спасибо вам низкий поклон!”. Айгерим.).

Адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маречек – кыргыз совет жазуучусу Касымалы Баялиновдун 1916-21-жылдардагы окуяларга арналган романынын негизги кейипкерлеринин бири болгон.

Кыргыз тарыхчылары бир катар илимий диссертацияларда Маречектин ишмердүүлүгүн байма-бай чагылдырып келишти. Публицисттер да ал жөнүндө арбын макалалар жазышты. Соңку илимий эмгектердин бир катарын, маселен, кыргыз тарыхчысы Турат Сырдыбаев жазган.


  • Баялинов, Касымалы. Боордоштор (роман). – Фрунзе, 1961.
  • Сырдыбаев, Туратбек Токтобекович. Кыргызстандагы Борбордук Европа элдеринин диаспораларынын тарыхы. 07.00.02. – Кыргызстан тарыхы адистиги боюнча тарых илимдеринин кандидаты илимий даражасына талапкерликке жазылган диссертация. – Бишкек, 2008, 190 бет.
  • Сырдыбаев, Туратбек Токтобекович. Возникновение «Интергельпо» и вклад европейских диаспор в промышленность Кыргызстана // Труды ИЦПС КНУ им. Ж. Баласагына. – Бишкек, 2003.
  • Маречек, Боривой Рудольфович. Туристские маршруты по Северу Киргизии. Фрунзе: “Кыргызстан”, 1968. 104 с. 75,000 экз. ISBN
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2. (Мында: 114-бетте)

Интернеттеги шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]