Массачусетс технологиялык институту

Википедия дан

Массачусетс технология институту (англ. Massachusetts Institute of Technology) - Кембридж, Массачусетс көп учурда дүйнөдөгү кадыр-барктуу жогорку окуу жайларынын бири катары жана жеке изилдөө университети болуп саналат.

1861-жылы Америка Кошмо Штаттарынын жогорулатуу үчүн негизделген. Ал Европалык политехникалык университет моделин кабыл алып, прикладдык илим жана техника боюнча лабораториялык-насаатты баса белгилеген. Экинчи дүйнөлүк согушта жана Кансыз согуш учурунда окумуштуулар компьютер, радар, жана инерция жетекчилигинде иштешкен. Согуштан кийинки коргоо Джеймс Киллиан алдында жургузулгон изилдөөлөр окутуучулардын жана кампусуна тез экспансиясына салым кошкон. 1916-жылы ачылган кампус учурда 168 акр (68,0 га) жерди ээлейт жана 1 чакырым (1,6 км) Чарльз дарыясынын бассейнине түндүк жээгин бойлото камтыйт.

2015-жылга карата бүтүрүүчүлөрдүн арасында 85 Нобель сыйлыгынын ээлери, 52 Улуттук Илимдердин медалына ээ болгондор, 65 Marshall Scholars мүчөсү, 45 Rhodes Scholars мүчөсү, 38 Мак-Артур стипендианты, 34 астронавт, 19 Тюринг лауреаты, 16 АКШдагы аба күчтөрүнүн башкы окумуштуулары жана 6 Филд утуучулары бар. Бул мектеп туруктуу ишкердик маданияты бар жана бүтүрүүчүлөрү тарабынан негизделген компаниялардын жалпы кирешеси дүйнөдөгү он ири экономика катары бааланат.

Кыскача тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

АКШдагы Массачусетс технологиялык институту 1861-жылы европалык политехникалык жогорку окуу жайлардын үлгүсүндө негизделген.

Массачусетс технологиялык институтунун 19-кылымдагы долбоор түзүү студиясы.

Анда өндүрүшкө керек болчу өнөр жай адистерин (колдонмо технология жаатында) даярдоо иши жолго коюлган.

1930-жылдардагы окуу жадыбалын реформалоонун натыйжасында илимий иликтөөлөргө да орчун көңүл бөлүнө баштаган. Компүтерлерди (эсептегич машинелерди), радарларды жана башка технологиялык табылгаларды өндүрүү иштерине өзгөчө орун бөлүнгөн.

Коргоо тармагы үчүн технологияны өнүктүрүү зарылчылыгынын аркасында бул окуу жайга экинчи дүйнөлүк согуш маалында жана андан кийин кыйла каражат жумшалган.

2010-2011-окуу жылында бул окуу жайда 4299 бакалавр студенти жана 6267 магистр студенти окуду.

Окуу жайда 1 миңдей окутуучу эмгектенет. Алардын арасында Нобель сыйлыгынын 77 лауреаты, Илим жаатындагы улуттук медалдын 50 ээси болду.

Окуу жайды нечендеген алдыңкы ойлоп табуучулар жана мыкты ишкерлер бүтүргөн.

Массачусетс технологиялык институту, 10-имарат.

АКШ менен Советтер Биримдигинин “кансыз согушу” жана космостук мейкиндикти иликтөөдөгү атаандаштык кырдаалында бул технологиялык окуу жай АКШнын аскер өнөр жайы менен тыгыз кызматташкан Archived 2009-09-30 at the Wayback Machine.

1966–жылдан кийинки тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окуу жайдын медиа лабораториясы (The MIT Media Lab) жайгашкан имарат. Массачусетс технологиялык институту. 1982-жыл.

1949-жылкы окуу жадыбалын реформалоодон кийинки мезгилде жана өзгөчө 1966-1980-жылдардын аралыгында Массачусетс технологиялык институтунда бир катар гуманитардык багыттагы адистиктер ачылды.

Экономика, башкаруу, саясий илим, тил илими жаатындагы факультеттер чыңдалып, мыкты профессорлор топтолду.

1960-жылдардын акыры – 1970-жылдардын башында Массачусетс технологиялык институтунун студенттери АКШнын Вьетнамдагы согуш аракеттерин айыптап жыйындар өткөрүп турушту.

Массачусетс технологиялык институтунун Маалымат таануу жана жасалма акыл-эс лабораториясында (MIT Computer Science and Artificial Intelligence Laboratory) эң алгачкы интерактивдик компүтердик оюндар жана бир катар хакердик жаргондук сөздөр ойлоп табылган.

1980-жылдары бир катар компүтердик мекемелер жана уюмдар (GNU Project, Free Software Foundation, MIT Media Lab, ж.б.) институттун алкагында негизделген.

2005-жылы институт дүйнө жүзүндө “Ар балаган бирден лаптоп” (One Laptop per Child) деген долбоорун Archived 2008-08-13 at the Wayback Machine баштаган.

Тээ 1934-жылы Америкалык университеттер жамаатына мүчө болуп шайлангандан бери Массачусетс технологиялык институту илимий иликтөө университети макамын сактап келет. Анын иликтөөлөрүнө сүрөөнчүлүк кылгандардын бири – АКШ федерациялык өкмөтү.

Сыйлыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Массачусетс технологиялык институтунун физика факультетинин окумуштуулары 8 жолу Нобел сыйлыгына татыган. Окуу жайдын химия факультетинин илимпоздору 3 жолу, биологдору 6 жолу, экономисттери 5 жолу Нобел сыйлыгына татыган.

Адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Abelmann, Walter H., ed. The Harvard-MIT Division of Health Sciences and Technology: The First 25 Years, 1970–1995 (2004). 346 pp
  • Etzkowitz, Henry. MIT and the Rise of Entrepreneurial Science Series: Studies in Global Competition. (2002). 173 pp.
  • Hapgood, Fred. Up the infinite corridor: MIT and the technological imagination. 1993. Addison-Wesley. Reading, Mass. – ISBN 0-201-08293-4. 203 pp.
  • William J. Mitchell. Imagining MIT: Designing a Campus for the Twenty-First Century. 2007/ [The MIT Press. – ISBN 978-0-262-13479-8.
  • Shrock, Robert Rakes. Geology at MIT 1865–1965: A History of the First Hundred Years of Geology at Massachusetts Institute of Technology. Vol. 1, The Faculty and Supporting Staff (1977). 1032 pp.
  • Julius Adams Stratton and Loretta H. Mannix. Mind and Hand: The Birth of MIT. - The MIT Press, 2005. – ISBN 978-0-262-19524-9.
  • Vest, Charles M. Pursuing the Endless Frontier: Essays on MIT and the Role of Research Universities (2004). 292 pp.
  • Wildes, Karl L. and Lindgren, Nilo A. A Century of Electrical Engineering and Computer Science at MIT, 1882–1984 (1985). 423 pp.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]