Махмуд Кашгари

Википедия дан
Махмуд ал-Кашгари‎»‎ барагынан багытталды)
Махмуд Кашгари чийген дүйнө картасынын чордонунда Караханийлер каганатынын аймагы, тактап айтканда, азыркы Кыргызстандын тоо кыркалары, Ысык-Көл өрөөнү жайгаштырылган. Чыгыш тарап картанын жогору жагында белгиленген.

Махмуд ибн Хусейн ибн Мухаммед ал-Барскани ал-Кашгари - он биринчи кылымдагы түрк калктарынын чыгаан энциклопедист окумуштуусу, тарыхчы-этнограф, географ, картограф, диалектолог, этнолог. Толук аты-жөнү Махмуд ибн ал-Хусейн ибн Мухаммед ал-Кашгари. Окумуштуулар анын “Түрк тилдеринин сөздүгү” аттуу эмгегине жана Караханийлер мамлекетине тиешелүү маалыматтарга таянып, 1029-жылы Ысык-Көл кылаасындагы байыркы Барскан шаарында (азыркы Барскоон кыштагы жайгашкан жер) туулган деп эсептешет. Анын балалык чагы Ысык-Көл боюнда өткөн. X кылымдын 90-жылдарында Чыгыш-Түркстан жана Жети-Суу аймагында Караханийлер мамлекети түзүлүп, анын 1-ханы Абдулкерим Мухаммед Сатук Каракан болгон. Махмуд мына ушул Караханийлердин тукумунан чыккан. Атасы Барскан шаарынын эмири болгон. Көптөгөн окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча Махмуддун атасы мураскор жарыялангандан кийин Караханийлер династиясында ич ара бийлик талашуу жүрүп, ордодо көңтөрүш болгон. Махмуддун чоң атасы Мухаммедди (Буура хан) аялы ууландырып өлтүргөн.

Кыскача өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ысык-Көлдүн Барскоон шаарында 1029-1038-жылдардын аралыгында туулган. 1126-жылы каза болгон.

1072-1077-жж. аралыгында "Түркий тилдер сөз жыйнагы" ("Диван лугат ат-турк") чыгармасын араб тилинде жазган. Кашкардын жанындагы Махмуд Кашгаринин күмбөзү делген эстелик – орто кылымдардын кеч мезгилине таандык. Аны Кашгаринин мүрзөсү катары кароого болбойт.

Азыр Барскан шаарынын урандылары Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон кыштагынын жанында жайгашкан.

1072-1077-жылдары "Диван лугат-ат-түрк" - "Түрк тилдеринин сөз жыйнагы" эмгегин жазган.

Өз атасы Хусейин Мухаммед уулу Барскан дубанын бийлеп турган. Айрым америкалык жана орусиялык окумуштуулар Махмуддун ныспасы «ал-Кашгари» болуп чектелбестен, «ал-Барскани» деп да толукталышы керектигин эскеришүүдө.

Украин чыгыш таануучусу Омелян Прицактын далилдешинча, Хусейин уулу Мухаммед небереси Махмуд ал-Кашгари хижранын 4-кылымынын 20-жылдарынын ичинде, христиандык жыл эсеби боюнча – 1029-1038-жылдардын ичинде жарык дүйнөгө келген.

Окумуштууну азыркы тапта «он биринчи кылымдын Радлову» деп айтып жүрүшөт. Тескерисинче, «Василий Васильевич / Фридрих Вилгелм Радлов (1837-1918) – он тогузунчу кылымдын Кашгариси» деп да баалагандар бар. Кандай болсо да, эки илимпозду окшоштурган нерсе – экөө тең жер кезип, Борбордук жана Ички Азияны байырлаган түрк калктарынын чоң улуттарынан тартып, майда уруктарына чейин кыдырып, алардын диалектилик өзгөчөлүктөрүн, этнографиялык мурасын, санжырасын, макал-лакаптарын, дастандарын терең иликтешкен.

Махмуд Барскани Кашгари орто кылымдарда айтылуу «мусулмандык кайра жаралуу доорунун» жемишине каныгып, түрк тилдерин гана эмес, араб тилин да терең үйрөнүп, өз элинин маданий казынасын араб окурмандарына бөксөртпөй жеткирүүнү максат койгон илимпоз.

Ал өзүнүн «Диван лугат ат-турк» - Түрк тилдеринин сөз жыйнагы» деген эмгегин 1072-1077-жылдары араб тилинде жазып бүтүргөн. Эмгектин кириш бөлүмүндө Махмуд бул энциклопедиялык сөздүктү 11-кылымдын 70-жылдарындагы Аббасийлер халифи ал-Муктадига белекке берүү ниетинде болгонун саймедирлеп жазат:

«Касиеттүү, Пайгамбардык, Имамдык, Хашимийлик, Аббасийлик Кожоюнубуз жана Мырзабыз Абулкасым Абдулла ибн Мухаммед ал-Муктади би-Амриллага, – исламга ишенгендердин Эмиринин жана Ааламдын Кожоюнунун халифине, - тартуу кылуу үчүн ушул китебимди Алла-тааланын көмөгүн көксөө менен, түбөлүккө эстелсин да, өчпөс издей чектелсин деп жазып бүттүм».

Бул китеп, ошентип, 1077-жылы халифаттын ордо шаары Багдадда жазылып бүтсө керек деп божомолдоого болот.

Багдадда отурган халиф ал-Муктади 1075-жылы бийликке келип, 1094-жылы дүйнөдөн кайткан. Ал кезең - Борбор Азиядан Жакынкы Чыгышка селдей каптаган Селжук түрктөрүнүн ташы өөдө кулап турган чак болчу. Багдад халифи ал-Муктади жалпы халифаттын рухий жетекчиси катары таанылган менен, саясий чөйрөдө ал селжук султаны Мелик-шахтын көзүн карап турган.

Дал ошол тапта залкар окумуштуу, жердешибиз Махмуд Кашгари Барскани Багдадда болуп, халифке өз чыгармасын тапшырууга ниеттенген. Анын бул ниети жүзөгө ашканбы, же жокпу, азырынча бизге жеткен жазма булактарда ал тууралуу эч маалымат учурай элек.

Кашгаринин чыгармасынын түп нускасынан көчүрүлгөн кол жазма бүгүнкү күнгө чейин сакталып жетти. Ал азыр Стамбулдагы Миллет китепканасында бапестелип сакталууда.

Багдад менен Кыргызстандын орто кылымдардагы маданий байланышынын бир өрнөгү – дал ушул «Диван лугат ат-турк» эмгеги.

Эмгеги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Kâşgarlı Mahmud. Dîvânü Lûgati ’t—Türk: Tıpkıbasım / Facsimile. —Ankara: Türkiye Kültür Bakanlığı, 1990. — III + 1a -320 a.

Эмгегинин ар кыл тилдерге котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Махмуд Кашгари. Түрк тилдеринин сөздүгү - Дивану Лугати 'т-түрк: I том / Которгондор: Т.Токоев, К.Кошмоков; баш сөздү жазган А.Акматалиев. - Бишкек: Avrasyapress, 2011. - ISBN 978-9967-12-152-2. - 906 бет.
  • Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын “Дивану лугати-т-турк” сөз жыйнагы: (1072-1077) / Жооптуу редактор Өмүркул Караев. – Бишкек: Кыргызстан, 1997. – 169 бет, сүрөт, карта. - (ISBN 5-655-01222-7)
  • «Диван лугат ат-тюрк» ("Словарь тюркских наречий"), первый перевод на русский язык Зифа-Алуа Ауэзова-Эрмерс, Алматы, «Дайк-Пресс», 2006, 1300 стр. [1] Archived 2010-11-18 at the Wayback Machine, [2],

[3] Archived 2016-08-22 at the Wayback Machine.

Пайдаланылган адабияттар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Халидов А.Б. Словаpи Исхака ал-Фаpаби и Махмуда ал-Кашгаpи: (Из истоpии лексикогpафии в Сpедней Азии X—XI вв.) / Отв. pед. П.А. Гpязневич. — Л.: Ленингpад. отд. ИВ АН СССР, 1987. — 68 с. (ПП и ПИКНВ. XXI годич. Науч. Сессия ЛО ИВ АН СССР, 1987. Часть VI).
  • al-Kāšγarī Mahmūd. Compendium of the Turkis dialects (Dīwān Luγāt at-Turk) / Edited and Transl. with Introduction and Indices by R. Dankoff in collaboration with J. Kelly. — Cambridge, Massachusetts: Harvard Un-ty Printing Office, 1982—1985. — Pt. 1—3. (Doğu Dilleri ve Edebiyatlarının Kaynakları. 7. Yayınlayan Şinasi Tekin. Gönül Alpay Tekin. — Türkçe Kaynaklar. VII).
  • Pritsak O. Studies in Medieval Eurasian History. — London: Variorum Reprints, 1981. — 376 p.
  • Pritsak O. Mahmud Kaşgari kimdir? // Türkiyat Mecmuası. — 1953. — Cilt 10. — S. 244—246.
  • Tryjarski Edward. Kultura ludόw tureckich w świetle przekazu Mahmuda z Kaszgaru (XI w.). —Warszawa: Polska Akademia nauk, 1993. —364 S. (Komitet Nauk Orientalistycznych).
  • Ülkütaşır M.Ş. Büyük Türk Dilcisi Kâşgarlı Mahmut. — 2. Baskı. — Ankara: Türk Dil Kurumu, 1972. — 222 S.
  • Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану лугати т-түрк» сөз жыйнагы (1072—1077) / Илимий редактору проф. Ө.Кара уулу. — Оңдолуп, кошумчаланган басылыш. — Бишкек: «Кыргызстан» Басма үйү, 1997. — 160 б.; илл., карта. (Кыргызстан Тарыхчылар Жамааты). ISBN 5-655-01222-7.
  • Чоpоев Т.К. Этноним «кыpгыз» по данным Махмуда Кашгаpи // Вопpосы этнической истоpии киpгизского наpода. — Фpунзе: Илим, 1989. — С. 113—121.
  • Чоpоев Т.К. «Диван лугат ат-туpк» Махмуда Кашгаpи как источник по истоpии тюpкоязычных наpодов Сpедней и Центpальной Азии // Оpиенталистика в Киpгизии / Отв. ред. М.Я.Сушанло. — Фpунзе: Илим, 1987. — С. 12—26.
  • Хайитметов А. О древней поэзии тюрков: (По материалам «Дивану лугат-ит-тюрк» Махмуда Кашгари // СТ. — Баку, 1972. — № 1. — С. 123—128.
  • Умуpзаков С.У. Очеpки по истоpии геогpафических откpытий и исследований Киpгизии / Редактор Р.Д.Забиров. — Фpунзе: Кыpгосиздат, 1959. — 150 с., илл., карты.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.
  • У.А.Асанов, А.З.Жуманазарова, Т.Чоротегин. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. Ред. У.А.Асанов. – Бишкек: Центр госязыка и Энциклопедии. 2002. – 544 pages, ill., map. (ISBN 5-89750-142-4)
  • Табалдыев Кубат Шакиевич. Древние памятники Тянь-Шаня. - Бишкек: V.R.S. Company, Университет Центральной Азии, 2011. - 320 стр. - ISBN 978-9967-26-422-9.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]