Мериме Проспер

Википедия дан

Мериме Проспер (27. 9. 1803, Париж – 23. 9.1870, Канн) – француз жазуучусу. Француз академиясынын мүчөсү (1844). Сорбонна университетин бүткөн (1823). Туңгуч романтикалык пьеса жыйнагы – «Клара Гасуль театры» (1825). «Жакерия» драмалык хроникасында (1828) жана «Карл IXнун бийлигинин хроникасы» (1829) романында Франциянын өткөндөгү тарыхын баяндайт. Мериме экзотикалуу, фантазиялуу жана реалдуу психологиялык новеллаларды да жазган. Ал орус маданиятына кызыгып, анын ичинде жана И. С. Тургеневдер, С. А. Соболевский менен таанышкан. Гоголь, Тургенев, Пушкин жөнүндөгү макалаларында орус адабиятын пропагандалаган. Мерименин чыгармаларынын сюжетине пьеса, музыкалык комедия, опералар (Ж. Бизенин «Кармени», 1875) жазылып, фильмдер тартылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]