Анастас Микоян

Википедия дан
Микоян Анастас Иванович‎»‎ барагынан багытталды)

Микоян Анастас Иванович [13 (25). 11. 1895, Тифлис губерниясы, Борчалинск уезди, Санаин кыштагы (азыркы Армения, Алаверди шаарынын чегинде) – 21. 10. 1978, Москва] – советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер, Социалисттик Эмгеги Баатыры (1943). Тбилисидеги Армян диний семинариясын бүтүргөн. 1915-жылы РСДРПге кирген. 1-дүйнөлүк согушта Кавказ армиясынын курамында согушкан. Февраль революциясынан кийин Бакуда, Тифлисте партиялык үгүт иштерин жүргүзгөн. 1917-жылы Кавказ крайлык большевиктик уюмунун 1-съездине делегат болгон. 1917-жылы ноябрдан РКП(б)нин Баку комитетинин президиумунун мүчөсү, «Социал-демократ», «Баку советинин кабарлары» гезиттеринин редактору. 1918-жылы марттан мусаватчылардын контрреволюциялык козголоңун басууга катышкан. Баку коммунасы кулаган (31. 7. 1918) соң, РКП(б)нин жашыруун обкомунун төрагасы, 1919–20-жылдары Бакуда, Нижний Новгороддо партиялык жетекчи кызматтарда. 1922–24-жылдары Ростов-на Донуда РКП(б) БКнын түштүк-Чыгыш бюросунун, 1924–26-жылдары РКП(б)нин [ВКП(б)] Түндүк Кавказ крайкомунун секретары, Түндүк Кавказ аскер округунун Революциялык аскер советинин мүчөсү, 1926–30-жылдары СССРдин ички жана тышкы соода, 1930–34-жылдары жабдуу, 1934–38-жылдары азык-түлүк өнөр жай, 1938–49-жылдары тышкы соода эл комиссары, 1953-жылдары март–август айларында СССРдин ички жана тышкы соода, 1953–55-жылдары соода министри. Ошол эле мезгилде СССР ЭКСтин төрагасынын орун басары (1937-, 1953-жылдары март; 1954–55), 1955– 64-жылдары СССР Министрлер Советинин төрагасынын 1-орун басары, 1964–65-жылдары СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы жана 1965-жылдан 1974-жылга чейин мүчөсү. Кызыл Туу, 6 Ленин орден менен сыйлаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]