Мумия (дары)

Википедия дан

Мумия - Биологиялык табигый продукт. Бальзам сымал жыты бар, кызыл, ак, көгүш, каралжын күрөң түстөгү түрлөрү белгилүү. Курамында органикалык жана органикалык эмес заттар, гипнур жана бензой кислотасы, аминокислота, чайыр, мом, өсүмдүк калдыктары бар. Элдик дарыгерчиликте, башкача айтканда, сынык, бронха астмасы, учук, тамак сиңирүү органдарынын өнөкөт оорууларын жана башкаларда кеңири колдонулат. Көптөгөн өлкөлөрдө кезигет. Эпосто «момия», «мумия», «мобуя» делип, сыныкты бат бүтүрүүчү дары катары колдонулгандыгы айтылат: «Буту колу сынганга, момуя дары издешет» (СО, 2.91).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Манас энциклопедия II., Манастын сюжети – ярупа. Бишкек, 1995