Нефертити

Википедия дан

Нефертити – Байыркы Египет ханышасы (Биздин заманга чейинки 14-кылымдынбашы), Аменхотеп IVнүн (Эхнатондун) жубайы, мүмкүн аталаш (энелеш) карындашы. Күйөөсүнүн диний реформаларын жүргүзүүгө катышкан болушу ыктымал. Анткени ал реформалардан кийин аты өзгөртүлүп, Нефер-Неферу-Атон («Атон сулууларынын сулуусу») аталган. 1912-жылы Тель-эль-Амарнада скульптор Тутместин өнөрканасын казуу учурунда Нефертитинин скульптуралык портреттери табылган (Каир жанаБерлин мамлекеттикмузейлеринде сакталууда).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]