Росселлино

Википедия дан

Росселлино (Rossellino) – италиялык скульпторлордун жана архитекторлордун үй-бүлөсү. Алгачкы Кайра жаралуу доорунун өкүлдөрү. Өтө белгилүүлөрү: 1) Бернардо (1409, Тоскана, Сеттиньяно – 23. 9. Флоренция), негизги эмгеги – «эң сонун шаар» жөнүндөгү гуманисттик ойду камтыган Пьенца шаарынын (1459) планы жана курулушу (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген). Скульптурада ачыктыкка жана тең салмактуулукка умтулган; 2) Антонио (1427, Тоскана Сеттиньяно – 1479, Флоренция) – Бернардонун бир тууганы, монумент жана жасалга скульптуранын чебери (португалиялык кардиналдын күмбөзү, 1461–66), портреттик бюсттарды жасаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]