Руссос, Демис

Википедия дан
Демис Руссос Бакы шаарында концерт берүүдө. Азербайжан.

Демис Руссос (грекче: Ντέμης Ρούσσος; өз аты — Артемиос Вентурис Руссос, грекче Αρτέμιος Βεντούρης Ρούσσος; Demis Roussos; 15-июнь 1946-жыл, Александрия, Египет (Мысыр) — 25-январь 2015-жыл, Афина ш., Грекия) — заманбап грек ырчысы. Бүт дүйнө өлкөлөрүндө анын чыгармаларынын альбомдору 60 миллиондон ашуун нускада сатылган.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Демис Руссос 1946-жылдын кулжа (июнь) айынын 15инде Египеттин Александрия шаарында теги грек музыка устаттарынын үйүндө туулган. Анын энеси Ольга (сахнадагы аты - Нелли Мазлум (1929—2003) — бийчи айым болгон. Неллинин түпкү теги - Египетте (Мысырда) байырлап калган италиялык эле. Ал эми адистиги боюнча инженер болгон атасы Жорж (Йоргос) Руссос мырза - түпкү теги грек болчу. Жорж гитарада ойной билчү.

Орто мектепте окуп жаткан чагында Демис Руссос гитарада ойноону үйрөнгөн.

1950-жылдардын ортосунда Демис ата-энеси менен бирге Грекияга көчүп келген.

1963-жылы Демис Руссос шериктери Вангелис жана Лукас Сидерас менен чогуу “Афродитанын чүрпөсү” («Aphrodite's Child») тобун негиздеген.

1968-жылы, Грекиядагы аскер төңкөрүшүнөн соң, бул топ Франциянын ордосу Парижге көчүп келген. Мында алар “Жамгыр жана Көз жашы” («Rain & Tears») ыры менен калайыкка таанылган.

1971-жылы Демис Руссос“Афродитанын чүрпөсү” тобун таштап, жекече концерттерин уюштура баштаган.

1974-жылы ал “Түбөлүккө жана Ар качан” («Forever & Ever») альбомунун ийгилигинин аркасында сөзгө алынган.

Ошондон бери анын репертуарындагы улам жаңы обондуу ырлар калайык жүрөгүн таба алган.

1990-жылдары ал элди тамшандырган жаңы ырларын тартуулаган.

Алардын арасында 1993-жылы обого чыккан “Ички дүйнө” ("Insight"; бул ырды “Таң супа салганда” - "Morning Has Broken" деп да аташат) ыры дүйнө жүзүнө кеңири таркалган.

Дүйнөдөн кайтышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Демис Руссос 2015-жылдын үчтүн айынын (январынын) 25ине караган түнү Афина шаарындагы ооруканалардын биринде каза болду.

Маркумдун сөөгү 2015-жылдын 30-январында (Үчтүн айынын 30унда), жума күнү чак түштө, гректердин даңазалуу атуулдарынын сөөгү коюлган “Афина шаарынын Биринчи көрүстөнү” деп аталган көрүстөндө түбөлүк жайына берилмекчи.

Кыргызстандагы кадыр-баркы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Демис Руссос тууралуу кабар Кыргызстанга 1970-жылдары жеткен.

Анын чыгармалары табактарга жазылып, 1980-жылдары советтик Кыргызстанда эркин сатылган.

Кыргыз жаштарынын оюн-зоокторунда Демис Руссостун чыгармалары байма-бай пайдаланылган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Демис Руссос төрт ирет үйлөнгөн. Соңку жубайы – Мари аттуу париждик франсуз айым.

Демис Руссостун Эмилия деген кызы (Парижде жашайт) жана Сирила деген уулу (Грекияда байырлайт) бар.

Демис Руссостун Грекияда (Ней шаарчасы) жана Францияда үйлөрү бар.

Террорчулардын барымтасында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Демис Руссос 1985-жылдын кулжа (июнь) айынын 14үндө башка жүргүнчүлөр менен бирге “Хизбулла” (“Алланын партиясы”) террорчу тобунун өкүлдөрүнүн барымтасында калган.

Ал болочокку жары Памела менен бирге түшкөн “Боинг-727” учагы Афинадан Римге учмак. Америкалык “Транс уорлд эйрлайнз” компаниясынын бул учагын басып алган эки террорчу киши учакты Жакынкы Чыгышка бурууну талап кылышкан.

Бир нече күндөн кийин Руссос барымтадан бошотулган. Анын атагы арап өлкөлөрүнө да жеткендиктен, террорчулар ага ырайымдуу мамиле кылышкандыгы айтылат. Бирок бул күндөрдү Демис Руссос эч эстегиси келчү эмес.


Дискография (Диск маалыматы)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

”Афродитанын чүрпөсү” (Aphrodite’s Child) альбомунун алкагында

  • End of the World (1968)
  • It’s Five O’Clock (1969)
  • 666 (1972)

Жекече альбомдору

  • Fire and Ice (1971)
  • Forever and Ever (1973)
  • My Only Fascination (1974)
  • Auf Wiederseh’n (1974)
  • Souvenirs (1975)
  • Happy to Be on an Island in the Sun (1976)
  • Die Nacht und der Wein (1976)
  • Kyrila (1977)
  • The Demis Roussos Magic (1977)
  • Ainsi soit-il (1977)
  • Los super 2 LP (1977)
  • Demis Roussos (1978)
  • Universum (1979)
  • Man of the World (1980)
  • Roussos Live! (1980)
  • Demis (1982)
  • Attitudes (1982)
  • Reflection (1984)
  • Ballads (1984)
  • Senza tempo (1985)
  • Greater Love (1986)
  • The Story of… (1987)
  • Come All Ye Faithful (1987)
  • Le Grec (1988)
  • Time (1988)
  • The Golden Voice of Demis Roussos (1988)
  • Voice and Vision (1989)
  • My Friend the Wind (1989)
  • Insight (1993)
  • Adagio (1994)
  • Demis Roussos in Holland (1995)
  • Oro (1995)
  • Gold (1995)
  • Immortel (1995)
  • Too Many Dreams (1996)
  • Best of Demis Roussos (1996)
  • Serenade (1996)
  • Colection Mi Historia (1997)
  • Mon île (1997)
  • Auf meinen Wegen (2000)
  • Live in Brazil (2006)
  • Demis (май 2009)


Кино таануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1966: Na zi kaneis i na mi zi? (ырчы катары)
  • 1969: L'homme qui venait du Cher (сыналгы киносу)
  • 2012: A Greek Type of problem (Рим папасынын ролунда)


Ал жазган эмгектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Roussos, Demis (1982). A question of weight. M. Laffon.



Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Murrells, Joseph (1978). The Book of Golden Discs. Barrie and Jenkins.
  • Whitburn, Joel (2003). Top Pop Singles 1955-2002 (1st ed.). Menomonee Falls, Wisconsin: Record Research Inc.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]