Сафед-булан

Википедия дан

САФЕТ-БУЛАН (Испид-Булан) – байыркы коло доорунан берки эстеликтер сакталган тарыхый-мемориалдык комплекс. Азыркы Жалал-Абад облусунун, Ала-Бука районундагы Падыша-Ата жана Чанач-Сай сууларынын куймасында жайгашкан. Орто кылымга тиешелүү кээ бир маалыматтарда Исбид–Булан түрүндө жолугат жана алардын ичинен 11-кылым, 18–19-кылымдарда курулган мавзолейлер менен моло таштагы араб жазуулары эң баалуу болуп эсептелет. Алардын кээ биринде так көрсөтүлгөн даталарды да кезиктирүүгө болот. Сафед-Буланды изилдөө 19-кылымдын 80-жылдарында башталып, моло ташка түшүрүлгөн жазууларды алгач орус окумуштуусу А.Н. Арванитаки көчүрүп алган. 1895–99-ж. Н.Н. Щербина-Крамаренко тарабынан жыйналган оозеки уламыштар боюнча жергиликтүү эл анын аталышын Орто Азияга ислам динин киргизген араб кол башчыларынын бири Шах-Жарир жана анын африкалык Булан деген күңүнө байланыштырганы көрсөтүлгөн. Анда намаз окуп жаткан учурунда Шах-Жарир жана анын 2772 жоокерин жергиликтүү тургундар кырып салып, баштарын бир бөлөк, сөөгүн бир бөлөк кылып, талаага таштап кеткенде, Булан сөөктүн ар бирин өзүнчө жууп, жерге көмгөн. Мындай маалымат Жамал Каршинин эмгегинде да кезигет. Мавзолей жана моло таштагы жазуулар боюнча изилдөөлөрдү В.В. Бартольд, А.Н. Бернштам, Е.К.Бетгер, М.М. Дьяконов, В.Н. Настич, В.И. Засыпкин, В.Д. Горячева сыяктуу окумуштуулар жүргүзгөн. ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү үчүн сунушталган.

Пайдаланылган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Несколько надписей на кайраках из Киргизии. //Эпиграфика Востока, вып. II. Л., 1948