Сооронбаев, Замирбек

Википедия дан
Замирбек Сооронбаев
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Замирбек Сооронбаев
Туулган жылы: 1-декабрь 1956-жыл
Туулган жери: Нарын шаары, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: артист
Наамдары:

КРнын эмгек сиңирген артисти

Сооронбаев Замирбек (1.12.1956-ж.т., Нарын ш.)

Өмүр баяны жана чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1975-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы студияны, 1979-жылы Ташкендеги А.Островский атындагы театр жана сүрөт өнөрү институтунун актёрдук факультетин бүткөн.
1979-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштейт, ошол эле мезгилде 1985-жылдан театралдык окуу жайда, Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда актёрдук чеберчилик боюнча окутуучу, доцент.
Сооронбаев каармандарынын ички дүйнөсүн, мүнөзүн таасын ача билген актёр.

Аткарган негизги ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Масадык (Т. Абдумомунов, "Абийир кечирбейт")
Рикардо (Лопе де Вега, "Бий мугалими")
Олжобай (Ж. Абдыкадыров, "Олжобай менен Кишимжан")
Шамил (Б.Өмүралиев,"тагдырдын өгөй балдары")
Бекингем (У. Шекспир, "Ричард III")
Чолпонбай (Т. Абдумомунов, "Чолпонбай")
Жоробай (Т. Абдумомунов, "Жоробайдын үйлөнүшү")
Семетей(Ж. Садыков, "Манастын уулу Семетей")
Алманбет (Ж. Садыков, "Айкөл Манас")
Күлчоро (Ж. Садыков, "Сейтек")
Канчоро (Ж. Садыков,"Сейтек")
Узак (К. Акматов, Ж.Кулмамбетов, "Мунабия")
Тыныбек (Ж.Кулмамбетов, "Кагылайын, Манасым!")
Миндөөлөт (Ч. Айтматов, М, Шаханов, "Сократты эскерүү түнү")
Тибальт (У. Шекспир, "Ромео жана Жульетта") ж.б.
Кинофильмдерге, телеспектаклдерге да тартылган.

Койгон спектаклдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азаттыгым, арманым. (К.Акматов)
Толгоо. (Ж.Өзүбекова)
Курманжан датка. (Т.Касымбеков, К.Сактанов)
Сынык асман. (А.Темирова)
Жан азык. (Т.Актанов)

Өксүгү күчтүү өмүр (Ч.Калыбекова)

Наамдары жана сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1994).
М. Рыскулов атындагы сыйлыгынын лауреаты (1997).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия. / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • Жаныш Кулмамбетов. Театр дүйнөсүндө: Шык ажары. – Ф.: Кыргызстан, 1987.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]