Америка

Википедия дан
Америка.

Америка - Батыш жарым шардагы дүйнө бөлүгү. Чыгышынан Атлантика, батышынан Тынч, түндүгүнөн Түндүк Муз, түштүгүнөн Түштүк океандары менен чулганат. Эки материктен (Түндүк Америка жана Түштүк Америка) турат. Экөөнүн ортосундагы чек Дарьен (айрым учурларда Панама) мойногу аркылуу жүргүзүлөт. Түндүк Американын түштүгүн Борбордук Америка, Вест-Индия жана Латын Америкасына бөлөт. Американын курамына, ошондой эле дүйнөдөгү эң зор Гренландия аралы жана материктерге жакын жайгашкан аралдар кирет. Жалпы аянты 42,5 млн км2. Түндүк жана Түштүк Америка бири-биринен обочо, башка дүйнө бөлүктөрүнөн алыс жайгашкандыгына, аянтынын кыйла зордугуна, геологиялык түзүлүшү жана рельефи бирдей болсо да табиятынын кескин айырмачылыгына карата эки материкке ажыратылган. 10-11-кылымда Американын түндүк-чыгыш жээгине европалыктардан биринчи жеткен нормандар болгон. 1492-1503-ж. Х. Колумб тарабынан ачылган Антил аралы жана кургактыктын жээгинин бир бөлүгү - Индия деп жаңылыш кабыл алынган. Флоренциялык Америго Веспуччи жаңы ачылган жерлерди - Жаңы Дүйнө деп атаган. 1907-ж. лотарингиялык картограф М. Вальдземюллер өзүнүн «Космографияга кириш сөзүндө» Батыш жарымшардагы жаңы ачылган жер дүйнөнүн жаңы бөлүгү деп болжолдоп биринчи айткан флоренциялык Америго Веспуччинин ысымынан атаган.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]


 
Америка
Америка Кошмо Штаттары | Аргентина | Боливия | Бразилия | Венесуэла | Гватемала | Канада | Мексика | Перу | Суринам | Уругбай | Чиле