Араа

Википедия дан

Араа - жыгач, металл, таш, бетон жана башка текзаттарды (материалдарды) тааруу, жара тилүү үчүн колдонулуучу кол же тестик (станоктук) көп кескичтүү шайман. Жыгач тааруучу кол араанын узатасынан жана ийри тааруучу түрлөрү бар. Жыгач өнөр жайында бензин же электр менен иштөөчү араалар колдонулат. Металл түтүктөрүн, прокаттарды, тунуке тилкелерин жана башка металл буюмдарын тааруу диск, сүрүлмө, мисалы, абразивдик жана тиштүү тасма , ийилчек болот тасмалар менен аткарылат. Ысык темирди кесүү үчүн өтө чоң айлануу жыштыктагы дискиси бар араа колдонулат. Курулуш ишинде тоо-тектеринен такта, блок, дубал таштарын жасоо үчүн кескич шайманы бышык эритме тпштүү диск, аркан, чынжырлуу араа, шакек фреза менен жабдылган таш кескич тилет. Кескич шайманынын диаметри 3-6 мм болот аркандуу аркан араасы менен имарат жасалгалоочу таш иштетилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]