Жел

Википедия дан

Жел, желаргы – аба агымы, жылжый соккон шамал.

Тоо боору м-н өрөөн, көл бети м-н анын кылаасы бирдей жылыбай, алардын ортосундагы темп-ралык айырмадан пайда болот. Желдин күчү Бофорт шкаласы б-ча 1,6 м/секга чейин жетет. Ал бир азга гана созулат, кээде шамалга өтөт. Катуурак ылдамдыктагы (3,4 – 5,4 м/сек) жел желаргы, эртели кеч болуучу жел – сыдырым жел, абанын темп-расы жогорулап, нымдулук төмөн учурдагы желаргы – жел же коңур жел, ысык жел – керим сел деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2