Кол

Википедия дан

Кол ийин, каруу, билек жана чеңгелден (кырк муун, алакан, манжалар) түзүлөт. Колдун скелети күң жилик, кар жилик жана чеңгелден турат. Кар жилик эки сөөктөн турат, чеңгел менен 8 сөөктөн турган кырк муун аркылуу биригет. Алакан скелети 5 көңдөй сөөктөн туруп, ал 5 манжа сөөктөрү менен кошулат. Баш бармак эки бейбелчектен, калган 4 манжа үчтөн бейбелчек сөөгүнөн турат.

Ийин мууну шар сымал формада болуп, байламталары дээрлик жок, ошондуктан өтө татаал кыймыл жасоого жөндөмдүү. Байламтасы жок болгондуктан бул муун көп чыгат. Бул муундагы кыймылды кабырга жана көөдөн башталган булчуңдар (кичине жана чоң көкүрөк булчуңдары) камсыз кылат; андан сырткары трапеция сымал (төрт бурч) булчуң колду жогору көтөрөт. Чыканак муундан билек бүгүлүп, сунулуп турат. Билек сөөктөрү өз ара жогорку жана төмөнкү цилиндр сымал муун аркылуу биригип, ал билектин ичке жана сыртка карай айланышын камсыз кылат. Билек сөөгү менен кырк муун сөөктөрү ашташып, чеңгелди түрдүү жакка кыймылдатуучу муунду түзөт. Чыканак кыймылын эки топтогу ийин булчуңдары камсыз кылып, эки баштуу ийин булчуңдары чыканак муунун бүгөт, арт жагында жайгашкан үч баштуу булчуң билекти жазат. Билекте Кол чеңгелин кыймылга келтирүүчү булчуңдар жайгашкан. Манжаларды кыймылдатуучу булчуңдар алакандан ичке узун тарамыш аркылуу өтүп, манжаларга жетет.

Колдун бардык ткандарын кан менен акырек алдындагы артерия жабдыйт. Ал ийинге жеткенде ийин артериясы деп аталып, чыканак тушта экиге бөлүнөт. Чеңгелде артерия догосун пайда кылып, андан манжа артериялары тарайт. Каруу жана билектин тери астында эки вена жатат. Алар чыканактын ички бетинде биригип, ортолук венаны түзөт. Ошол венага дары, кан куюлат. Колдун лимфа тамырлары вена менен катар жайгашат. Анын булчуңдарын, муундарын жана терисин ийин чатышмасынын төрт нерви нервдештирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8